Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Qasas Ayahs #30 Translated in Kyrgyz

قَالَتْ إِحْدَاهُمَا يَا أَبَتِ اسْتَأْجِرْهُ ۖ إِنَّ خَيْرَ مَنِ اسْتَأْجَرْتَ الْقَوِيُّ الْأَمِينُ
Эки кыздын бири (атасы менен жалгыз калганда): «Атаке, аны жалчы кылып албайсызбы? Жалчылардын эң жакшысы ишенимдүүсү жана күчтүүлөрү» -деди
قَالَ إِنِّي أُرِيدُ أَنْ أُنْكِحَكَ إِحْدَى ابْنَتَيَّ هَاتَيْنِ عَلَىٰ أَنْ تَأْجُرَنِي ثَمَانِيَ حِجَجٍ ۖ فَإِنْ أَتْمَمْتَ عَشْرًا فَمِنْ عِنْدِكَ ۖ وَمَا أُرِيدُ أَنْ أَشُقَّ عَلَيْكَ ۚ سَتَجِدُنِي إِنْ شَاءَ اللَّهُ مِنَ الصَّالِحِينَ
«Мен сага мына бул эки кызымдан бирин никелеп берүүнү каалаймын — деди (абышка)* — анын ордуна сен мага сегиз жыл жалчы болосуң. Эгер он жыл кылып, толуктап койсоң, анда сен тараптан (соопчулук) болот. Бирок, мен сага машакат жүктөгөндү каалабаймын. Аллаһ кааласа, жакында менин жакшы адам экенимди билип аласың»
قَالَ ذَٰلِكَ بَيْنِي وَبَيْنَكَ ۖ أَيَّمَا الْأَجَلَيْنِ قَضَيْتُ فَلَا عُدْوَانَ عَلَيَّ ۖ وَاللَّهُ عَلَىٰ مَا نَقُولُ وَكِيلٌ
«Бул мени менен сиздин арабыздагы (келишим болсун). Эки мөөнөттөн кай бирин аткарсам да, мага тоскоолдук болбосун. Мен айткан сөздөргө Аллаһ Өзү күбө!» - деди (Муса)
فَلَمَّا قَضَىٰ مُوسَى الْأَجَلَ وَسَارَ بِأَهْلِهِ آنَسَ مِنْ جَانِبِ الطُّورِ نَارًا قَالَ لِأَهْلِهِ امْكُثُوا إِنِّي آنَسْتُ نَارًا لَعَلِّي آتِيكُمْ مِنْهَا بِخَبَرٍ أَوْ جَذْوَةٍ مِنَ النَّارِ لَعَلَّكُمْ تَصْطَلُونَ
Муса мөөнөттү бүтүп, үй-бүлөсү менен жолго чыкты. Тур тоосунун (оң) тарабынан от көрдү жана үй-бүлөсүнө: «(Ушул жерде жылбай) тургула. Мен от көрүүдөмүн. Ажеп эмес андан бир кабар же болбосо бир чеңгел чок алып келсем. Жылынып алаар белеңер» деди
فَلَمَّا أَتَاهَا نُودِيَ مِنْ شَاطِئِ الْوَادِ الْأَيْمَنِ فِي الْبُقْعَةِ الْمُبَارَكَةِ مِنَ الشَّجَرَةِ أَنْ يَا مُوسَىٰ إِنِّي أَنَا اللَّهُ رَبُّ الْعَالَمِينَ
Отко жакындап барганда... берекеттүү (ыйык) жердин оң тарап өрөөнүндөгү кырдан — дарак тараптан бийик добуш угулду: «О, Муса! Мен — ааламдардын Раббиси Аллаһ боломун!»

Choose other languages: