Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Qasas Ayahs #13 Translated in Kyrgyz

وَقَالَتِ امْرَأَتُ فِرْعَوْنَ قُرَّتُ عَيْنٍ لِي وَلَكَ ۖ لَا تَقْتُلُوهُ عَسَىٰ أَنْ يَنْفَعَنَا أَوْ نَتَّخِذَهُ وَلَدًا وَهُمْ لَا يَشْعُرُونَ
Жана Фираундын аялы? айтты: «Бул бала мен үчүн да, сен үчүн да көз кубанычы! Аны өлтүрбөй эле койгулачы?! Бизге (чоңойгондо) пайдасы тийип калышы мүмкүн. Же болбосо асыранды (бакма) бала кылып аларбыз». Алар эч нерсени байкабай турушту
وَأَصْبَحَ فُؤَادُ أُمِّ مُوسَىٰ فَارِغًا ۖ إِنْ كَادَتْ لَتُبْدِي بِهِ لَوْلَا أَنْ رَبَطْنَا عَلَىٰ قَلْبِهَا لِتَكُونَ مِنَ الْمُؤْمِنِينَ
Ал эми, Мусанын апасынын көңүлү бошоп (капаланып) калды. Эгер Биз ыймандуулардан болушу үчүн анын жүрөгүн (сабыр) менен байлабаганда, аны (Мусаны) билдирип коюуга аз эле калган
وَقَالَتْ لِأُخْتِهِ قُصِّيهِ ۖ فَبَصُرَتْ بِهِ عَنْ جُنُبٍ وَهُمْ لَا يَشْعُرُونَ
Ал (баласын агызып жиберип) Мусанын эжесине: «Мусаны көзөмөлдөп бар» деди. (Ал жээк менен, акмалап барып, Фираундун үй-бүлөсүнүн кармап алганын көрдү) Ал Мусаны алыстан карап турду. Алар эч нерсени сезбей турушту. (Бөбөктү сарайга алып барышып, энекенин колуна тапшырышып, ага эмизүүчү жалдашты. Бирок)
وَحَرَّمْنَا عَلَيْهِ الْمَرَاضِعَ مِنْ قَبْلُ فَقَالَتْ هَلْ أَدُلُّكُمْ عَلَىٰ أَهْلِ بَيْتٍ يَكْفُلُونَهُ لَكُمْ وَهُمْ لَهُ نَاصِحُونَ
Биз мындан мурда эле (тагдырда) (апасынан башка) эмизүүчүлөрдү(н көкүрөгүн сорууну) арам кылып койгон элек. (Ошондо Мусанын эжеси келип:) айтты: «Силер үчүн анын кепилдигин ала турган үй-бүлөнү көргөзөйүнбү? Алар буга насаат кылуучу (тарбиячы) болушат»
فَرَدَدْنَاهُ إِلَىٰ أُمِّهِ كَيْ تَقَرَّ عَيْنُهَا وَلَا تَحْزَنَ وَلِتَعْلَمَ أَنَّ وَعْدَ اللَّهِ حَقٌّ وَلَٰكِنَّ أَكْثَرَهُمْ لَا يَعْلَمُونَ
Ошентип, Биз аны менен сүйүнсүн, капа болбосун жана Аллаһтын («коркпо, капа болбо. Биз аны сага кайтарып беребиз» деген) убадасын билсин үчүн аны апасына кайтардык. Бирок, адамдардын көпчүлүгү муну (Аллаһтын даанышмандыгын) билишпейт

Choose other languages: