Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Mumenoon Ayahs #100 Translated in Kyrgyz

ادْفَعْ بِالَّتِي هِيَ أَحْسَنُ السَّيِّئَةَ ۚ نَحْنُ أَعْلَمُ بِمَا يَصِفُونَ
(Душманың жасаган) жамандыкка жакшылык менен жооп кыл. Биз алар сыпаттаган (ширк, жалган сыяктуу) нерселерди эң жакшы билебиз
وَقُلْ رَبِّ أَعُوذُ بِكَ مِنْ هَمَزَاتِ الشَّيَاطِينِ
Айткын: «О, Раббим! Мен шайтандын азгырыктарынан коргоо тилеп Өзүңө жалбарамын
وَأَعُوذُ بِكَ رَبِّ أَنْ يَحْضُرُونِ
О, Раббим! Алар (менин ишимдин үстүндө) ар дайым болуусунан коргоо тилеп Өзүңө жалбарамын
حَتَّىٰ إِذَا جَاءَ أَحَدَهُمُ الْمَوْتُ قَالَ رَبِّ ارْجِعُونِ
Качан алардан (каапырлардан) бирине ажал келсе (мындай) дешет: «О, Раббим! мени (дүйнөгө) кайтарчы
لَعَلِّي أَعْمَلُ صَالِحًا فِيمَا تَرَكْتُ ۚ كَلَّا ۚ إِنَّهَا كَلِمَةٌ هُوَ قَائِلُهَا ۖ وَمِنْ وَرَائِهِمْ بَرْزَخٌ إِلَىٰ يَوْمِ يُبْعَثُونَ
Эми жоготкон нерсемде (өмүрүмдө) жакшы амалдарды жасасам ажеп эмес!» Бул анын (пайдасыз жана жалган) сөздөрү. Алардын (өлгөндөрдүн) нар жагында кайра тирилчү күндөрүнө чейин Барзах (Мүрзө жашоосу) бар

Choose other languages: