Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Mumenoon Ayahs #50 Translated in Kyrgyz

إِلَىٰ فِرْعَوْنَ وَمَلَئِهِ فَاسْتَكْبَرُوا وَكَانُوا قَوْمًا عَالِينَ
Фираун жана анын (каапыр) элине. Алар болсо, текеберленип, өздөрүн жогору койгон коом болушту
فَقَالُوا أَنُؤْمِنُ لِبَشَرَيْنِ مِثْلِنَا وَقَوْمُهُمَا لَنَا عَابِدُونَ
Жана: «Өзүбүзгө окшогон ушул эки адамга ыйман келтиребизби?! Алардын элдери (яхудийлер) биздин кулдарыбыз болсо?!» -дешти
فَكَذَّبُوهُمَا فَكَانُوا مِنَ الْمُهْلَكِينَ
Анан, экөөсүн жалганчыга чыгарып, натыйжада (деңизге чөктүрүлүп) кыйрагандардан болуп калышты
وَلَقَدْ آتَيْنَا مُوسَى الْكِتَابَ لَعَلَّهُمْ يَهْتَدُونَ
Аныгында, Биз (яхудийлер коому) Туура Жолго түшүп калышса ажеп эмес деп, Мусага Китеп бердик
وَجَعَلْنَا ابْنَ مَرْيَمَ وَأُمَّهُ آيَةً وَآوَيْنَاهُمَا إِلَىٰ رَبْوَةٍ ذَاتِ قَرَارٍ وَمَعِينٍ
Жана Биз Марямдын уулу (Ыйса) менен апасын (Өз кудуретибизден) белги кылдык жана экөөнү (Марям толгоо азабы менен кыйналып, өзүн койгону жай таппай калган убакта) суулуу, ыңгайлуу бийик орунга жайгаштырдык

Choose other languages: