Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Mumenoon Ayahs #52 Translated in Kyrgyz

فَكَذَّبُوهُمَا فَكَانُوا مِنَ الْمُهْلَكِينَ
Анан, экөөсүн жалганчыга чыгарып, натыйжада (деңизге чөктүрүлүп) кыйрагандардан болуп калышты
وَلَقَدْ آتَيْنَا مُوسَى الْكِتَابَ لَعَلَّهُمْ يَهْتَدُونَ
Аныгында, Биз (яхудийлер коому) Туура Жолго түшүп калышса ажеп эмес деп, Мусага Китеп бердик
وَجَعَلْنَا ابْنَ مَرْيَمَ وَأُمَّهُ آيَةً وَآوَيْنَاهُمَا إِلَىٰ رَبْوَةٍ ذَاتِ قَرَارٍ وَمَعِينٍ
Жана Биз Марямдын уулу (Ыйса) менен апасын (Өз кудуретибизден) белги кылдык жана экөөнү (Марям толгоо азабы менен кыйналып, өзүн койгону жай таппай калган убакта) суулуу, ыңгайлуу бийик орунга жайгаштырдык
يَا أَيُّهَا الرُّسُلُ كُلُوا مِنَ الطَّيِّبَاتِ وَاعْمَلُوا صَالِحًا ۖ إِنِّي بِمَا تَعْمَلُونَ عَلِيمٌ
О, пайгамбарлар! Таза-пакиза ырыскылардан жегиле жана салих амалдарды кылгыла. Мен силердин эмне кылганыңарды Билүүчүмүн
وَإِنَّ هَٰذِهِ أُمَّتُكُمْ أُمَّةً وَاحِدَةً وَأَنَا رَبُّكُمْ فَاتَّقُونِ
Чынында, силердин бул үммөтүңөр бир үммөт. (Бардыгы жалгыз Аллаһка моюн сунууга, демек Исламга чакырылган.) Мен — силердин Раббиңер боломун. Менден гана корккула

Choose other languages: