Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Mujadala Ayahs #11 Translated in Kyrgyz

أَلَمْ تَرَ أَنَّ اللَّهَ يَعْلَمُ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ ۖ مَا يَكُونُ مِنْ نَجْوَىٰ ثَلَاثَةٍ إِلَّا هُوَ رَابِعُهُمْ وَلَا خَمْسَةٍ إِلَّا هُوَ سَادِسُهُمْ وَلَا أَدْنَىٰ مِنْ ذَٰلِكَ وَلَا أَكْثَرَ إِلَّا هُوَ مَعَهُمْ أَيْنَ مَا كَانُوا ۖ ثُمَّ يُنَبِّئُهُمْ بِمَا عَمِلُوا يَوْمَ الْقِيَامَةِ ۚ إِنَّ اللَّهَ بِكُلِّ شَيْءٍ عَلِيمٌ
(О,Мухаммад!) билбейсиңби, Аллаһ асмандардагы жана жердеги бардык нерселерди(н кабарын) билет. Эгер үч адам (жашыруун) шыбырашып сүйлөшсө, алардын төртүнчүсү — Ал. Эгерде бешөө болсо, алтынчысы — Ал. Жана мындан азыраак же көбүрөөк болсо да жана кандай жашыруун жерде болсо да Ал алар менен бирге!! Андан кийин, Кыяматта аларга жасаган иштеринин кабарын билгизет. Чынында, Аллаһ ар нерсени Билүүчү
أَلَمْ تَرَ إِلَى الَّذِينَ نُهُوا عَنِ النَّجْوَىٰ ثُمَّ يَعُودُونَ لِمَا نُهُوا عَنْهُ وَيَتَنَاجَوْنَ بِالْإِثْمِ وَالْعُدْوَانِ وَمَعْصِيَتِ الرَّسُولِ وَإِذَا جَاءُوكَ حَيَّوْكَ بِمَا لَمْ يُحَيِّكَ بِهِ اللَّهُ وَيَقُولُونَ فِي أَنْفُسِهِمْ لَوْلَا يُعَذِّبُنَا اللَّهُ بِمَا نَقُولُ ۚ حَسْبُهُمْ جَهَنَّمُ يَصْلَوْنَهَا ۖ فَبِئْسَ الْمَصِيرُ
Шыбыр-шыбыр(ушактар) дан?” кайтарылган адамдарды көрбөйсүңбү, кийин (дагы эле) тыюу салынган ишке кайтып жатышат жана күнөө, душманчылык, пайгамбарга каршы чыгуу жөнүндө шыбырашып жатышат. Эгер жаныңа келишсе, сага Аллаһ салам бергенден башкача салам беришет? жана ичинен: «(эгер Мухаммаддын пайгамбар экени чын болуп калса) бул сөзүбүз үчүн Аллаһ азапка салбагай эле!» дешет. Аларга өздөрү таштала турган тозок жетиштүү! Кандай жаман акыбет
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِذَا تَنَاجَيْتُمْ فَلَا تَتَنَاجَوْا بِالْإِثْمِ وَالْعُدْوَانِ وَمَعْصِيَتِ الرَّسُولِ وَتَنَاجَوْا بِالْبِرِّ وَالتَّقْوَىٰ ۖ وَاتَّقُوا اللَّهَ الَّذِي إِلَيْهِ تُحْشَرُونَ
О,ыймандуу адамдар! Эгер силер шыбырашып сүйлөшчү болсоңор, анда күнөө, душманчылык жана пайгамбарга (анын өкүмүнө) каршы чыгуу жөнүндө шыбырашпагыла! Жакшы иштерди жана такыбалыкты шыбырашкыла. Аллаһтан корккула, Анын Өзүнө гана кайтарыласыңар
إِنَّمَا النَّجْوَىٰ مِنَ الشَّيْطَانِ لِيَحْزُنَ الَّذِينَ آمَنُوا وَلَيْسَ بِضَارِّهِمْ شَيْئًا إِلَّا بِإِذْنِ اللَّهِ ۚ وَعَلَى اللَّهِ فَلْيَتَوَكَّلِ الْمُؤْمِنُونَ
Албетте, (каразгөй) шыбыр сөздөр ыймандуу адамдарды капага салуу үчүн шайтан тарабынан болот. Бирок, Аллаһтын уруксаты болмоюнча (мындай шыбыр сөздөр) аларга зыян жеткирбейт. Ыймандуулар Аллаһка гана тобокел кылышсын
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِذَا قِيلَ لَكُمْ تَفَسَّحُوا فِي الْمَجَالِسِ فَافْسَحُوا يَفْسَحِ اللَّهُ لَكُمْ ۖ وَإِذَا قِيلَ انْشُزُوا فَانْشُزُوا يَرْفَعِ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنْكُمْ وَالَّذِينَ أُوتُوا الْعِلْمَ دَرَجَاتٍ ۚ وَاللَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ خَبِيرٌ
О, ыймадуулар! Эгер бир межилис-отурушта силерге «(өз ара кыналып отуруу менен) орун бергиле» деп айтылчу болсо, дароо орун бергиле. (Ошондо) Аллаһ силерге да (Бейишинен) орун берет. Жана эгер (такыбалуу, илимдүү адамдар келгенде) «жайды бошоткула» деп айтылса, дароо бошоткула. (Себеби,) Аллаһ силердин араңардагы (таза-калыс) ыймандуулар менен илимдүүлөрдүн даражасын көтөрүп койгон. Аллаһ бардык ишиңерден Кабардар

Choose other languages: