Surah Al-Maeda Ayahs #70 Translated in Kyrgyz
وَلَوْ أَنَّهُمْ أَقَامُوا التَّوْرَاةَ وَالْإِنْجِيلَ وَمَا أُنْزِلَ إِلَيْهِمْ مِنْ رَبِّهِمْ لَأَكَلُوا مِنْ فَوْقِهِمْ وَمِنْ تَحْتِ أَرْجُلِهِمْ ۚ مِنْهُمْ أُمَّةٌ مُقْتَصِدَةٌ ۖ وَكَثِيرٌ مِنْهُمْ سَاءَ مَا يَعْمَلُونَ
Эгер алар Тоораттын, Инжилдин жана Раббиси тарабынан түшүрүлгөн нерселердин өкүмдөрүн толук аткарганда, үстүлөрүнөн (асмандан) жана астыларынан (жерден) ырыскыларды (мол) жешет болчу.! Алардын арасында (Тоорат, Инжил өкүмдөрүнө) ылайык жашагандары да бар. Бирок, көпчүлүгү өтө жаман иштерди жасашат
يَا أَيُّهَا الرَّسُولُ بَلِّغْ مَا أُنْزِلَ إِلَيْكَ مِنْ رَبِّكَ ۖ وَإِنْ لَمْ تَفْعَلْ فَمَا بَلَّغْتَ رِسَالَتَهُ ۚ وَاللَّهُ يَعْصِمُكَ مِنَ النَّاسِ ۗ إِنَّ اللَّهَ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الْكَافِرِينَ
О, Пайгамбар! Раббиң тарабынан сага түшүрүлгөн нерсени (Ислам динин, бардык элдерге) жеткир! Эгер муну аткарбасаң, Аллаһтын элчилигин жеткирбеген болосуң! (Элчиликти жеткирүүдө эч кимден коркпо). Сени адамдардан Аллаһтын Өзү сактайт. Албетте, Аллаһ каапыр коомду Туура Жолго баштабайт
قُلْ يَا أَهْلَ الْكِتَابِ لَسْتُمْ عَلَىٰ شَيْءٍ حَتَّىٰ تُقِيمُوا التَّوْرَاةَ وَالْإِنْجِيلَ وَمَا أُنْزِلَ إِلَيْكُمْ مِنْ رَبِّكُمْ ۗ وَلَيَزِيدَنَّ كَثِيرًا مِنْهُمْ مَا أُنْزِلَ إِلَيْكَ مِنْ رَبِّكَ طُغْيَانًا وَكُفْرًا ۖ فَلَا تَأْسَ عَلَى الْقَوْمِ الْكَافِرِينَ
Айткын: “Эй, китеп элдери! Силер качан Тооратка, Инжилге жана силерге Раббиңер тарабынан түшүрүлгөн (бардык) өкүмдөргө толук моюн сунмайынча эч бир динде эмессиңер. (О, Мухаммад!) Сага Раббиңден түшүрүлгөн нерсе (Кураан) алардан көпчүлүгүнүн күнөө-каапырчылыгын көбөйтүшү шексиз. Сен каапыр коомдорго капа болбо
إِنَّ الَّذِينَ آمَنُوا وَالَّذِينَ هَادُوا وَالصَّابِئُونَ وَالنَّصَارَىٰ مَنْ آمَنَ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ وَعَمِلَ صَالِحًا فَلَا خَوْفٌ عَلَيْهِمْ وَلَا هُمْ يَحْزَنُونَ
Чынында, момун-мусулмандар, яхудийлер, сабиьилер! жана христиандардан кимде-ким Аллаһка, Акыретке ыйман келтирип, салих (жакшы) амалдарды жасаган болсо, аларга коркунуч да жок, кайгы-капага да батышпайт
لَقَدْ أَخَذْنَا مِيثَاقَ بَنِي إِسْرَائِيلَ وَأَرْسَلْنَا إِلَيْهِمْ رُسُلًا ۖ كُلَّمَا جَاءَهُمْ رَسُولٌ بِمَا لَا تَهْوَىٰ أَنْفُسُهُمْ فَرِيقًا كَذَّبُوا وَفَرِيقًا يَقْتُلُونَ
Биз Исрайил урпактарынан ант-убадасын алып, пайгамбарларды жибердик. Ар качан аларга бир пайгамбар напсилери каалабаган өкүмдү алып келсе, кээ бирөөлөрүн “жалганчы” дешип, кээ бирөөлөрүн өлтүрүп жиберишти
Choose other languages:

Albanian

Amharic

Azerbaijani

Bengali

Bosnian

Bulgarian

Burmese

Chinese

Danish

Dutch

English

Farsi

Filipino

French

Fulah

German

Gujarati

Hausa

Hindi

Indonesian

Italian

Japanese

Jawa

Kazakh

Khmer

Korean

Kurdish

Kyrgyz

Malay

Malayalam

Norwegian

Pashto

Persian

Polish

Portuguese

Punjabi

Russian

Sindhi

Sinhalese

Somali

Spanish

Swahili

Swedish

Tajik

Tamil

Tatar

Telugu

Thai

Turkish

Urdu

Uyghur

Uzbek

Vietnamese

Yoruba
