Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Jathiya Ayahs #31 Translated in Kyrgyz

وَلِلَّهِ مُلْكُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۚ وَيَوْمَ تَقُومُ السَّاعَةُ يَوْمَئِذٍ يَخْسَرُ الْمُبْطِلُونَ
Асмандар жана жердин мүлкү Аллаһка таандык. Ал эми Кыямат болгон күндө жалганчылар зыян тартып калышат
وَتَرَىٰ كُلَّ أُمَّةٍ جَاثِيَةً ۚ كُلُّ أُمَّةٍ تُدْعَىٰ إِلَىٰ كِتَابِهَا الْيَوْمَ تُجْزَوْنَ مَا كُنْتُمْ تَعْمَلُونَ
Жана сен (ал күнү) ар үммөттү чөгөлөгөн абалда көрөсүң.! Ар бир үммөт өз китебине чакырылат. Ал күнү баарыңар кылмышыңарга жараша үлүш (жаза же сыйлык) аласыңар
هَٰذَا كِتَابُنَا يَنْطِقُ عَلَيْكُمْ بِالْحَقِّ ۚ إِنَّا كُنَّا نَسْتَنْسِخُ مَا كُنْتُمْ تَعْمَلُونَ
Бул Китебибиз силерге акыйкатты (гана) сүйлөйт. Биз силер жасаган иштерди (периштелерге) жаздыртып койгонбуз
فَأَمَّا الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ فَيُدْخِلُهُمْ رَبُّهُمْ فِي رَحْمَتِهِ ۚ ذَٰلِكَ هُوَ الْفَوْزُ الْمُبِينُ
Ал эми, ыйман келтирип, салих амал кылгандарды Раббиси Өз ырайымына алат. Бул анык жеңиш
وَأَمَّا الَّذِينَ كَفَرُوا أَفَلَمْ تَكُنْ آيَاتِي تُتْلَىٰ عَلَيْكُمْ فَاسْتَكْبَرْتُمْ وَكُنْتُمْ قَوْمًا مُجْرِمِينَ
А бирок, каапыр болгон адамдар(га айтылат): «Силерге Менин аяттарым окуп берилбедиби?! Анан силер текеберленип, күнөөкөр коом болдуңар

Choose other languages: