Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Jathiya Ayahs #23 Translated in Kyrgyz

إِنَّهُمْ لَنْ يُغْنُوا عَنْكَ مِنَ اللَّهِ شَيْئًا ۚ وَإِنَّ الظَّالِمِينَ بَعْضُهُمْ أَوْلِيَاءُ بَعْضٍ ۖ وَاللَّهُ وَلِيُّ الْمُتَّقِينَ
(Эгер аларды ээрчисең) Аллаһтын эч бир азабын сенден кайтара алышпайт. Чынында, заалымдар бири-бирине дос болушат. Аллаһ болсо такыба кишилердин досу
هَٰذَا بَصَائِرُ لِلنَّاسِ وَهُدًى وَرَحْمَةٌ لِقَوْمٍ يُوقِنُونَ
Бул (Кураан) адамдар үчүн акылчырак, Туура Жол жана анык ишенген элдер үчүн ырайым
أَمْ حَسِبَ الَّذِينَ اجْتَرَحُوا السَّيِّئَاتِ أَنْ نَجْعَلَهُمْ كَالَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ سَوَاءً مَحْيَاهُمْ وَمَمَاتُهُمْ ۚ سَاءَ مَا يَحْكُمُونَ
Же болбосо, күнөө иш кылган адамдар, Биз аларды ыйман келтирип, салих амал кылган адамдар сыяктуу (абзел кылышыбызды жана) өздөрүнүн жашоолору менен өлүмдөрү да (алардыкы менен) бир (даражада) болушун ойлоштубу? Кандай жаман өкүм чыгарышат
وَخَلَقَ اللَّهُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ بِالْحَقِّ وَلِتُجْزَىٰ كُلُّ نَفْسٍ بِمَا كَسَبَتْ وَهُمْ لَا يُظْلَمُونَ
Аллаһ асмандар менен жерди Акыйкат менен жана эч бир жан(га) зулумдук кылынбаган абалда, өз ишине жараша жаза (же сыйлык) алышы үчүн жаратты
أَفَرَأَيْتَ مَنِ اتَّخَذَ إِلَٰهَهُ هَوَاهُ وَأَضَلَّهُ اللَّهُ عَلَىٰ عِلْمٍ وَخَتَمَ عَلَىٰ سَمْعِهِ وَقَلْبِهِ وَجَعَلَ عَلَىٰ بَصَرِهِ غِشَاوَةً فَمَنْ يَهْدِيهِ مِنْ بَعْدِ اللَّهِ ۚ أَفَلَا تَذَكَّرُونَ
Сен өз (напсинин) каалосун кудай кылып алган жана (натыйжада) Аллаһ аны (хидаятка ылайык эмес экенин) билип, адаштырып койгон, кулагына, жүрөгүнө мөөр баскан жана көзүнө парда тосуп койгон адамды көрдүң беле? Аллаһтан башка ким аны Туура Жолго баштай алмак?! Эсиңерге келбейсиңерби эми

Choose other languages: