Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Jathiya Ayahs #13 Translated in Kyrgyz

وَإِذَا عَلِمَ مِنْ آيَاتِنَا شَيْئًا اتَّخَذَهَا هُزُوًا ۚ أُولَٰئِكَ لَهُمْ عَذَابٌ مُهِينٌ
Ал (текебер адам) биздин аяттарыбыздан бир нерсе билип, (угуп) калса, (аны) мазактайт. Андай адамдарга кордоочу азап бар
مِنْ وَرَائِهِمْ جَهَنَّمُ ۖ وَلَا يُغْنِي عَنْهُمْ مَا كَسَبُوا شَيْئًا وَلَا مَا اتَّخَذُوا مِنْ دُونِ اللَّهِ أَوْلِيَاءَ ۖ وَلَهُمْ عَذَابٌ عَظِيمٌ
(Аларга өлүмдүн) ар жагында тозок бар! Тапкан дүйнө-мансаптары жана Аллаһдан башка тутунган дос-кудайлары аларга пайда бере албайт. Аларга чоң азап бар
هَٰذَا هُدًى ۖ وَالَّذِينَ كَفَرُوا بِآيَاتِ رَبِّهِمْ لَهُمْ عَذَابٌ مِنْ رِجْزٍ أَلِيمٌ
Бул (Кураан) — Туура Жол! Ал эми, Раббисинин аяттарына каапыр болгон адамдарга жан ооруткан азап арналган
اللَّهُ الَّذِي سَخَّرَ لَكُمُ الْبَحْرَ لِتَجْرِيَ الْفُلْكُ فِيهِ بِأَمْرِهِ وَلِتَبْتَغُوا مِنْ فَضْلِهِ وَلَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ
Аллаһ Өз каалоо буйругу менен (деңизде) кемелер жүрүшү үчүн жана (кемеге байланыштуу өнөр-кесиптер себептүү) Өзүнүн ырыскы-пазилетин издешиңер үчүн силерге деңизди моюн сундурду. Шүгүр кылсаңар ажеп эмес
وَسَخَّرَ لَكُمْ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ جَمِيعًا مِنْهُ ۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَاتٍ لِقَوْمٍ يَتَفَكَّرُونَ
Жана Ал силер үчүн Өзүнүн пазилетинен асмандардагы жана жердеги бардык нерселерди моюн сундурду. Мында пикир кылган адамдар үчүн (Аллаһтын Кудуретине) белгилер бар

Choose other languages: