Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Isra Ayahs #80 Translated in Kyrgyz

وَإِنْ كَادُوا لَيَسْتَفِزُّونَكَ مِنَ الْأَرْضِ لِيُخْرِجُوكَ مِنْهَا ۖ وَإِذًا لَا يَلْبَثُونَ خِلَافَكَ إِلَّا قَلِيلًا
Алар сени (өзүң туулган) жерден чыгарып жиберүү үчүн айдаганга камданып калышкан. Андай болсо, Сенден кийин өздөрү да көпкө турушпайт
سُنَّةَ مَنْ قَدْ أَرْسَلْنَا قَبْلَكَ مِنْ رُسُلِنَا ۖ وَلَا تَجِدُ لِسُنَّتِنَا تَحْوِيلًا
Бул сенден мурда жиберген пайгамбарлардын (Биз түзүп койгон) жолу. Сен Биздин жолубуз өзгөргөнүн көрбөйсүң
أَقِمِ الصَّلَاةَ لِدُلُوكِ الشَّمْسِ إِلَىٰ غَسَقِ اللَّيْلِ وَقُرْآنَ الْفَجْرِ ۖ إِنَّ قُرْآنَ الْفَجْرِ كَانَ مَشْهُودًا
(О, Мухаммад!) Күн чак түштөн (батышка) оогондо, түн караңгысына чейин намаз оку. Жана таңдын намазын да (оку). Чынында, таңдын намазы күбө болунган (намаз)
وَمِنَ اللَّيْلِ فَتَهَجَّدْ بِهِ نَافِلَةً لَكَ عَسَىٰ أَنْ يَبْعَثَكَ رَبُّكَ مَقَامًا مَحْمُودًا
Түндүн бир бөлүгүндө туруп, өзүң үчүн нафил намаздарында Кураан оку. Мүмкүн (ошондо) Раббиң сени макталган орунда тирилтээр
وَقُلْ رَبِّ أَدْخِلْنِي مُدْخَلَ صِدْقٍ وَأَخْرِجْنِي مُخْرَجَ صِدْقٍ وَاجْعَلْ لِي مِنْ لَدُنْكَ سُلْطَانًا نَصِيرًا
Айткын: «О, Раббим! Менин кирээр ордумду да, чыгаар ордумду да чындык менен (Өз ыраазычылыгың үчүн) кыл! Жана мага Өзүң тараптан дем болуучу кубат бер

Choose other languages: