Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Isra Ayahs #83 Translated in Kyrgyz

وَمِنَ اللَّيْلِ فَتَهَجَّدْ بِهِ نَافِلَةً لَكَ عَسَىٰ أَنْ يَبْعَثَكَ رَبُّكَ مَقَامًا مَحْمُودًا
Түндүн бир бөлүгүндө туруп, өзүң үчүн нафил намаздарында Кураан оку. Мүмкүн (ошондо) Раббиң сени макталган орунда тирилтээр
وَقُلْ رَبِّ أَدْخِلْنِي مُدْخَلَ صِدْقٍ وَأَخْرِجْنِي مُخْرَجَ صِدْقٍ وَاجْعَلْ لِي مِنْ لَدُنْكَ سُلْطَانًا نَصِيرًا
Айткын: «О, Раббим! Менин кирээр ордумду да, чыгаар ордумду да чындык менен (Өз ыраазычылыгың үчүн) кыл! Жана мага Өзүң тараптан дем болуучу кубат бер
وَقُلْ جَاءَ الْحَقُّ وَزَهَقَ الْبَاطِلُ ۚ إِنَّ الْبَاطِلَ كَانَ زَهُوقًا
Жана Айткын: «Акыйкат (Ислам) келип, жалган (диндер) жоголду. Аныгында жалган жоголуучу нерсе
وَنُنَزِّلُ مِنَ الْقُرْآنِ مَا هُوَ شِفَاءٌ وَرَحْمَةٌ لِلْمُؤْمِنِينَ ۙ وَلَا يَزِيدُ الظَّالِمِينَ إِلَّا خَسَارًا
Биз ыймандуулар үчүн шыпаа жана ырайым болгон Кураанды түшүрөбүз. Ал эми (Кураан аяттары) заалымдардын зыяндарын гана көбөйтөт
وَإِذَا أَنْعَمْنَا عَلَى الْإِنْسَانِ أَعْرَضَ وَنَأَىٰ بِجَانِبِهِ ۖ وَإِذَا مَسَّهُ الشَّرُّ كَانَ يَئُوسًا
Эгер Биз инсанга нээмат-жакшылык берсек, (сүйүнүп, оолугуп) Аллаһтан четтеп, жүз буруп (шүгүр кылбай) кетет. А, эгер бир жамандык кармаса, (Аллаһтан биротоло) үмүтсүз болуп калат

Choose other languages: