Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Isra Ayahs #66 Translated in Kyrgyz

قَالَ أَرَأَيْتَكَ هَٰذَا الَّذِي كَرَّمْتَ عَلَيَّ لَئِنْ أَخَّرْتَنِ إِلَىٰ يَوْمِ الْقِيَامَةِ لَأَحْتَنِكَنَّ ذُرِّيَّتَهُ إِلَّا قَلِيلًا
Ал (дагы мындай) деди: « Айтчы, мага (оо, Раббим), менден улук кылганың (Адам) ушулбу?! Эгер мени Кыямат күнгө чейин (жанымды албай) кечиктирсең, анын бардык урпактарын азгырып жиберемин. Азыраактары (Сага ыклас менен сыйынгандары) гана калат»
قَالَ اذْهَبْ فَمَنْ تَبِعَكَ مِنْهُمْ فَإِنَّ جَهَنَّمَ جَزَاؤُكُمْ جَزَاءً مَوْفُورًا
«Жогол! — деди Аллаһ, — бирок, алардан кимиси сага ээрчисе, силердин толук (ылайыктуу) жазаңар тозок
وَاسْتَفْزِزْ مَنِ اسْتَطَعْتَ مِنْهُمْ بِصَوْتِكَ وَأَجْلِبْ عَلَيْهِمْ بِخَيْلِكَ وَرَجِلِكَ وَشَارِكْهُمْ فِي الْأَمْوَالِ وَالْأَوْلَادِ وَعِدْهُمْ ۚ وَمَا يَعِدُهُمُ الشَّيْطَانُ إِلَّا غُرُورًا
Алардын кимисине алың жетсе, добушуң менен (эле) азгырып ал! (Кааласаң) алардын үстүнө атчан жана жөө аскериңди жибер! Жана (кааласаң) алардын мал-мүлкүндө, бала-чакасында шерик бол жана аларга убадаларыңды бер! (О, пенделер!) Шайтан аларга жалган убадаларды гана берет
إِنَّ عِبَادِي لَيْسَ لَكَ عَلَيْهِمْ سُلْطَانٌ ۚ وَكَفَىٰ بِرَبِّكَ وَكِيلًا
Албетте, Менин (ыкластуу) пенделериме бийлигиң өтпөйт! Сактоо жаатынан (аларга) Раббиңдин Өзү жетиштүү!»
رَبُّكُمُ الَّذِي يُزْجِي لَكُمُ الْفُلْكَ فِي الْبَحْرِ لِتَبْتَغُوا مِنْ فَضْلِهِ ۚ إِنَّهُ كَانَ بِكُمْ رَحِيمًا
(О, инсандар) Раббиңер, Өз пазилетинен (ырыскы) издешиңер үчүн силердин пайдаңарга (албууттанган) деңиздин үстүндө кеме жүргүзүп койду. Чынында, Ал силерге Ырайымдуу

Choose other languages: