Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Hajj Ayahs #29 Translated in Kyrgyz

إِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا وَيَصُدُّونَ عَنْ سَبِيلِ اللَّهِ وَالْمَسْجِدِ الْحَرَامِ الَّذِي جَعَلْنَاهُ لِلنَّاسِ سَوَاءً الْعَاكِفُ فِيهِ وَالْبَادِ ۚ وَمَنْ يُرِدْ فِيهِ بِإِلْحَادٍ بِظُلْمٍ نُذِقْهُ مِنْ عَذَابٍ أَلِيمٍ
Каапыр болгондорго, Аллаһтын жолунан жана Аль-Харам мечитинен (момундарды) тоскондорго — Биз ал мечитти бардык адамдарга: жергиликтүүсүнө да, четтен келгенине да тең кылып койгон элек — жана ким анын ичинде зулум менен бузуктук (күнөө) кылууну кааласа, ага Биз жан ооруткан азапты таттырабыз
وَإِذْ بَوَّأْنَا لِإِبْرَاهِيمَ مَكَانَ الْبَيْتِ أَنْ لَا تُشْرِكْ بِي شَيْئًا وَطَهِّرْ بَيْتِيَ لِلطَّائِفِينَ وَالْقَائِمِينَ وَالرُّكَّعِ السُّجُودِ
Эстегин, Биз (бир кезде) Ибрахимге (Ыйык) Үйдүн ордун даярдап-белгилеп берип, (баласы Ысмайыл экөө аны тургузуп бүткөндө, мындай деген элек): «Мага (ибадатта) эч нерсени шерик кылбайсың. Менин Үйүмдү тооп кылуучулар (намазда) туруучулар, ийилип, рукуу кылуучулар жана сажда кылуучулар үчүн таза-пакиза кармайсың
وَأَذِّنْ فِي النَّاسِ بِالْحَجِّ يَأْتُوكَ رِجَالًا وَعَلَىٰ كُلِّ ضَامِرٍ يَأْتِينَ مِنْ كُلِّ فَجٍّ عَمِيقٍ
Адамдарды ажы кылууга чакырасың. Сага алар жөө басып, тапталган! улоолор менен келишсин. Алар сага ар кайсы алыс өлкөлөрдөн келишсин
لِيَشْهَدُوا مَنَافِعَ لَهُمْ وَيَذْكُرُوا اسْمَ اللَّهِ فِي أَيَّامٍ مَعْلُومَاتٍ عَلَىٰ مَا رَزَقَهُمْ مِنْ بَهِيمَةِ الْأَنْعَامِ ۖ فَكُلُوا مِنْهَا وَأَطْعِمُوا الْبَائِسَ الْفَقِيرَ
(Жана) Өздөрүнө (ажыдан тийе турган диний-дүйнөлүк) пайдаларга күбө болушсун. Анан белгилүү күндөрдө (Аллаһ) ырыскы кылып берген чарба айбандарын (курмандыкка чалуунун) үстүндө Аллаһтын ысымын эскеришсин. Анан андан (курмандыктын этинен) өзүңөр да жегиле, кедей-бечараларды да тамактандыргыла
ثُمَّ لْيَقْضُوا تَفَثَهُمْ وَلْيُوفُوا نُذُورَهُمْ وَلْيَطَّوَّفُوا بِالْبَيْتِ الْعَتِيقِ
Андан кийин алар (ажылар) кирлерин кетиришсин.” Жана (ажы, умра, курмандыктан турган) назирлерин (өздөрүнө милдет кылып алган ажы ибадаттарын) толук аткарып, Эски Үйдү (Каабаны) таваф? кылышсын

Choose other languages: