Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Fath Ayahs #10 Translated in Kyrgyz

وَيُعَذِّبَ الْمُنَافِقِينَ وَالْمُنَافِقَاتِ وَالْمُشْرِكِينَ وَالْمُشْرِكَاتِ الظَّانِّينَ بِاللَّهِ ظَنَّ السَّوْءِ ۚ عَلَيْهِمْ دَائِرَةُ السَّوْءِ ۖ وَغَضِبَ اللَّهُ عَلَيْهِمْ وَلَعَنَهُمْ وَأَعَدَّ لَهُمْ جَهَنَّمَ ۖ وَسَاءَتْ مَصِيرًا
Жана Аллаһ жөнүндө жаман ойлогон? мунаафык эркектерди, мунаафык аялдарды, мушрик эркектерди жана мушрик аялдарды (Дүйнө-Акыретте) азаптоо үчүн. Алардын (мушриктердин өз) башына балээ түштү. Аллаһ аларга каарын төгүп, наалат айтты жана тозокту даярдап койду. Ал кандай жаман орун
وَلِلَّهِ جُنُودُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۚ وَكَانَ اللَّهُ عَزِيزًا حَكِيمًا
Асмандардын жана жердин аскерлери Аллаһтын Колунда жана Аллаһ Кудуреттүү, Даанышман
إِنَّا أَرْسَلْنَاكَ شَاهِدًا وَمُبَشِّرًا وَنَذِيرًا
(О, Мухаммад!) Биз сени (Аллаһтын жалгыз кудай экенине) күбө болуучу, (Бейиштен) куш кабар берүүчү жана (Тозоктон) эскертүүчү пайгамбар кылып жибердик
لِتُؤْمِنُوا بِاللَّهِ وَرَسُولِهِ وَتُعَزِّرُوهُ وَتُوَقِّرُوهُ وَتُسَبِّحُوهُ بُكْرَةً وَأَصِيلًا
Жана силер Аллаһка, Анын пайгамбарына ыйман келтиришиңер үчүн, аны урматтап, кадырлап жүрүшүңөр үчүн жана Аны эртели-кеч аруулап турушуңар үчүн (силерге пайгамбар жибердик)
إِنَّ الَّذِينَ يُبَايِعُونَكَ إِنَّمَا يُبَايِعُونَ اللَّهَ يَدُ اللَّهِ فَوْقَ أَيْدِيهِمْ ۚ فَمَنْ نَكَثَ فَإِنَّمَا يَنْكُثُ عَلَىٰ نَفْسِهِ ۖ وَمَنْ أَوْفَىٰ بِمَا عَاهَدَ عَلَيْهُ اللَّهَ فَسَيُؤْتِيهِ أَجْرًا عَظِيمًا
Сага ант берген адамдар, чынында Аллаһка ант беришти. Аллаһтын Колу! алардын колунун үстүндө. Эми, кимде-ким убадасын бузса — ал өзүнүн зыянына бузганы. Жана кимде-ким Аллаһка берген убадасын аткарса — ага Аллаһ тез аранын ичинде улук сооп берет

Choose other languages: