Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Fath Ayahs #23 Translated in Kyrgyz

وَمَغَانِمَ كَثِيرَةً يَأْخُذُونَهَا ۗ وَكَانَ اللَّهُ عَزِيزًا حَكِيمًا
Жана (Хайбардан) ала турган көп олжолор (менен сыйлады). Аллаһ — Кудуреттүү, Даанышман
وَعَدَكُمُ اللَّهُ مَغَانِمَ كَثِيرَةً تَأْخُذُونَهَا فَعَجَّلَ لَكُمْ هَٰذِهِ وَكَفَّ أَيْدِيَ النَّاسِ عَنْكُمْ وَلِتَكُونَ آيَةً لِلْمُؤْمِنِينَ وَيَهْدِيَكُمْ صِرَاطًا مُسْتَقِيمًا
Аллаһ силерге (келечекте) ала турган (дагы) көп олжолорду убада кылды. Анан силер үчүн мына бул (Хайбардагы) олжону тездетип берди жана (ушул олжолор) момундар үчүн (Аллаһтын Кудуретинен) белги болушу үчүн жана силерди Туура Жолго баштоосу үчүн (душман) адамдардын колун силерден тосуп койду
وَأُخْرَىٰ لَمْ تَقْدِرُوا عَلَيْهَا قَدْ أَحَاطَ اللَّهُ بِهَا ۚ وَكَانَ اللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرًا
Жана башка (олжолор да бар). Силер аларга (азырынча) ээ боло албайсыңар. Аллаһ аларды (Өз илими менен) ороп (билип) турат. Аллаһ ар бир нерсеге Кудуреттүү
وَلَوْ قَاتَلَكُمُ الَّذِينَ كَفَرُوا لَوَلَّوُا الْأَدْبَارَ ثُمَّ لَا يَجِدُونَ وَلِيًّا وَلَا نَصِيرًا
Эгер (Худайбияда) каапырлар силерге согуш ачса да, өздөрү артка качып жөнөшмөк. Анан (эч бир) дос-жардамчы таппай калышат
سُنَّةَ اللَّهِ الَّتِي قَدْ خَلَتْ مِنْ قَبْلُ ۖ وَلَنْ تَجِدَ لِسُنَّةِ اللَّهِ تَبْدِيلًا
(Бул) илгертеден бери келе жаткан Аллаһтын Жолу. Сен Аллаһтын Жолун эч өзгөртө албайсың

Choose other languages: