Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Fath Ayahs #5 Translated in Kyrgyz

إِنَّا فَتَحْنَا لَكَ فَتْحًا مُبِينًا
(О, Мухаммад), Чынында, Биз сага анык жеңиш? бердик
لِيَغْفِرَ لَكَ اللَّهُ مَا تَقَدَّمَ مِنْ ذَنْبِكَ وَمَا تَأَخَّرَ وَيُتِمَّ نِعْمَتَهُ عَلَيْكَ وَيَهْدِيَكَ صِرَاطًا مُسْتَقِيمًا
Аллаһ сенин өткөндөгү жана келерки (бардык) күнөөлөрүңдү кечирип, нээмматын толук-кемчилдиксиз берип, Туура Жолго башташы үчүн
وَيَنْصُرَكَ اللَّهُ نَصْرًا عَزِيزًا
жана Аллаһ сага чоң жардам бериши үчүн
هُوَ الَّذِي أَنْزَلَ السَّكِينَةَ فِي قُلُوبِ الْمُؤْمِنِينَ لِيَزْدَادُوا إِيمَانًا مَعَ إِيمَانِهِمْ ۗ وَلِلَّهِ جُنُودُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۚ وَكَانَ اللَّهُ عَلِيمًا حَكِيمًا
(Аллаһ) алардын ыймандарынын үстүнө(дагы) ыйманды көбөйтүп бериши үчүн! момундардын жүрөгүнө бейпилдик түшүрдү. Асмандар менен жердин (бардык) аскерлери Аллаһтын колунда. Аллаһ Билүүчү, Даанышман
لِيُدْخِلَ الْمُؤْمِنِينَ وَالْمُؤْمِنَاتِ جَنَّاتٍ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ خَالِدِينَ فِيهَا وَيُكَفِّرَ عَنْهُمْ سَيِّئَاتِهِمْ ۚ وَكَانَ ذَٰلِكَ عِنْدَ اللَّهِ فَوْزًا عَظِيمًا
Момун эркектерди жана момун аялдарды (сыноодон өткөргөндөн соң) түбүнөн дарыялар агып турган жана анда түбөлүк кала турган Бейиштерге киргизүү үчүн. Жана алардын күнөөлөрүн өчүрүш үчүн. Бул нерсе Аллаһтын алдында чоң жеңиш

Choose other languages: