Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Baqara Ayahs #94 Translated in Kyrgyz

بِئْسَمَا اشْتَرَوْا بِهِ أَنْفُسَهُمْ أَنْ يَكْفُرُوا بِمَا أَنْزَلَ اللَّهُ بَغْيًا أَنْ يُنَزِّلَ اللَّهُ مِنْ فَضْلِهِ عَلَىٰ مَنْ يَشَاءُ مِنْ عِبَادِهِ ۖ فَبَاءُوا بِغَضَبٍ عَلَىٰ غَضَبٍ ۚ وَلِلْكَافِرِينَ عَذَابٌ مُهِينٌ
Аллаһ Өзүнүн артыкчылыгын пенделеринин арасынан Өзү каалаган адамга (Мухаммадга) түшүргөнүнө көралбастык кылып, Аллаһ түшүргөн нерсеге каапыр болуулары — өздөрүнө сатып алган нерселери кандай жаман! Ошентип, алар (Аллаһтын) ачуу(су)нун үстүнө дагы (кошумча) каар менен кайтышты. Каапырларга кор кылуучу азап бар
وَإِذَا قِيلَ لَهُمْ آمِنُوا بِمَا أَنْزَلَ اللَّهُ قَالُوا نُؤْمِنُ بِمَا أُنْزِلَ عَلَيْنَا وَيَكْفُرُونَ بِمَا وَرَاءَهُ وَهُوَ الْحَقُّ مُصَدِّقًا لِمَا مَعَهُمْ ۗ قُلْ فَلِمَ تَقْتُلُونَ أَنْبِيَاءَ اللَّهِ مِنْ قَبْلُ إِنْ كُنْتُمْ مُؤْمِنِينَ
Аларга “Аллаһ түшүргөн нерсеге ыйман келтиргиле” деп айтылса, биз өзүбүзгө түшүрүлгөн нерсеге (Тооратка) ыйман келтиребиз” дешти жана андан башкасына (Кураанга) ал чындык жана алардагы нерсени тастыктоочу болгонуна карабай каапыр болушту, (О, Мухаммад!) аларга айт: “Эгер (Тооратка) ыйман келтирген болсоңор, анда эмне үчүн мурда (Тоорат менен өкүм кылган) пайгамбарларды өлтүрчүсүңөр?!”
وَلَقَدْ جَاءَكُمْ مُوسَىٰ بِالْبَيِّنَاتِ ثُمَّ اتَّخَذْتُمُ الْعِجْلَ مِنْ بَعْدِهِ وَأَنْتُمْ ظَالِمُونَ
Жана силерге Муса анык далилдер алып келгенден кийин деле, өзүңөргө зулум кылган абалда (билип туруп) музоого сыйындыңар
وَإِذْ أَخَذْنَا مِيثَاقَكُمْ وَرَفَعْنَا فَوْقَكُمُ الطُّورَ خُذُوا مَا آتَيْنَاكُمْ بِقُوَّةٍ وَاسْمَعُوا ۖ قَالُوا سَمِعْنَا وَعَصَيْنَا وَأُشْرِبُوا فِي قُلُوبِهِمُ الْعِجْلَ بِكُفْرِهِمْ ۚ قُلْ بِئْسَمَا يَأْمُرُكُمْ بِهِ إِيمَانُكُمْ إِنْ كُنْتُمْ مُؤْمِنِينَ
Ошондо, Биз үстүңөргө “Тур” тоосун көтөрүп, “Биз берген нерсени (динди) бекем кармагыла жана (моюн сунуп) уккула” деп, ант-убадаңарды алганда, алар “уктук бирок, моюн сунбадык” дешкен жана каапырчылыктары себептүү жүрөктөрүнө музоо(го сыйынуу) сиңирилген! (О, Мухаммад) аларга айт: “Эгер “ыймандуу” болсоңор «ыйманыңар» буюрган нерселер кандай жаман!”
قُلْ إِنْ كَانَتْ لَكُمُ الدَّارُ الْآخِرَةُ عِنْدَ اللَّهِ خَالِصَةً مِنْ دُونِ النَّاسِ فَتَمَنَّوُا الْمَوْتَ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ
(О, Мухаммад, яхудийлерге) айт: “Эгер (силер ойлогондой) Аллаһтын алдындагы Акырет жайы (Бейиш) башка адамдарга эмес, жалгыз силер үчүн гана болсо, анда өлүмдү тилегилечи, эгер чынчыл болсоңор”

Choose other languages: