Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Baqara Ayahs #89 Translated in Kyrgyz

ثُمَّ أَنْتُمْ هَٰؤُلَاءِ تَقْتُلُونَ أَنْفُسَكُمْ وَتُخْرِجُونَ فَرِيقًا مِنْكُمْ مِنْ دِيَارِهِمْ تَظَاهَرُونَ عَلَيْهِمْ بِالْإِثْمِ وَالْعُدْوَانِ وَإِنْ يَأْتُوكُمْ أُسَارَىٰ تُفَادُوهُمْ وَهُوَ مُحَرَّمٌ عَلَيْكُمْ إِخْرَاجُهُمْ ۚ أَفَتُؤْمِنُونَ بِبَعْضِ الْكِتَابِ وَتَكْفُرُونَ بِبَعْضٍ ۚ فَمَا جَزَاءُ مَنْ يَفْعَلُ ذَٰلِكَ مِنْكُمْ إِلَّا خِزْيٌ فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا ۖ وَيَوْمَ الْقِيَامَةِ يُرَدُّونَ إِلَىٰ أَشَدِّ الْعَذَابِ ۗ وَمَا اللَّهُ بِغَافِلٍ عَمَّا تَعْمَلُونَ
Кийин, О, силер! Өзүңөрдү (бири-бириңерди) өлтүрүп, өзүңөрдүн бир бөлүгүңөрдү журттарынан сүргүн кылып, күнөө жана зулум менен аларга (шериктештериңерге) жардам берип жатасыңар. Эгер алар (силерге каршы согушкан диндештериңер) силердин алдыңарга туткун болуп келсе, аларга фидья (акы) төлөп чыгарып да аласыңар. Аларды сүргүн кылуу силер үчүн арам кылынган эле го?! Эмне, силер китептин (Тоораттын) бир бөлүгүнө ишенип, бир бөлүгүнө ишенбейсиңерби?!! Силердин араңардан ким бул ишти жасаса, (Китептин бир өкүмүн аткарып, башкасын аткарбаса) анын жазасы бул дүйнө жашоосунда кордук жана Кыяматта катуу азапка жолугушат. Аллаһ силердин ишиңерден бейкапар эмес
أُولَٰئِكَ الَّذِينَ اشْتَرَوُا الْحَيَاةَ الدُّنْيَا بِالْآخِرَةِ ۖ فَلَا يُخَفَّفُ عَنْهُمُ الْعَذَابُ وَلَا هُمْ يُنْصَرُونَ
Дал ошолор гана Акыреттин ордуна дүйнө жашоосун сатып алган адамдар! Алардан азап жеңилдетилбейт жана аларга жардам дагы берилбейт
وَلَقَدْ آتَيْنَا مُوسَى الْكِتَابَ وَقَفَّيْنَا مِنْ بَعْدِهِ بِالرُّسُلِ ۖ وَآتَيْنَا عِيسَى ابْنَ مَرْيَمَ الْبَيِّنَاتِ وَأَيَّدْنَاهُ بِرُوحِ الْقُدُسِ ۗ أَفَكُلَّمَا جَاءَكُمْ رَسُولٌ بِمَا لَا تَهْوَىٰ أَنْفُسُكُمُ اسْتَكْبَرْتُمْ فَفَرِيقًا كَذَّبْتُمْ وَفَرِيقًا تَقْتُلُونَ
Биз Мусага Китепти (Тооратты) бердик жана анын артынан (Тоорат менен өкүм кылуучу) пайгамбарларды жибердик. Биз Марямдын уулу Ыйсага да Өзүбүздүн анык моожизаларыбызды берип, аны Ыйык Рух? менен колдодук. Ар качан бир пайгамбар силердин каалооңорго жакпаган нерсени (динди) алып келсе, силер (ыйманга келүүдөн) текеберленип жана ал пайгамбарлардан бир бөлүгүн жалганчы деп, айрымдарын өлтүрө бересиңерби
وَقَالُوا قُلُوبُنَا غُلْفٌ ۚ بَلْ لَعَنَهُمُ اللَّهُ بِكُفْرِهِمْ فَقَلِيلًا مَا يُؤْمِنُونَ
(Яхудийлер) “Жүрөктөрүбүз кулпуланган” дешет. Андай эмес, Аллаһ аларга каапырчылыктары себептүү наалат жаадырган. (Ошондуктан) алардын өтө азчылыгы ыйман келтиришет
وَلَمَّا جَاءَهُمْ كِتَابٌ مِنْ عِنْدِ اللَّهِ مُصَدِّقٌ لِمَا مَعَهُمْ وَكَانُوا مِنْ قَبْلُ يَسْتَفْتِحُونَ عَلَى الَّذِينَ كَفَرُوا فَلَمَّا جَاءَهُمْ مَا عَرَفُوا كَفَرُوا بِهِ ۚ فَلَعْنَةُ اللَّهِ عَلَى الْكَافِرِينَ
Качан аларга Аллаһтан өздөрүндө болгон нерсени (Тооратты) тастыктаган бир китеп (Кураан жана пайгамбар) келгенде жана мындан мурун каапырларга (араб мушриктерине) каршы (дал ушул китеп жана ушул пайгамбардан) жардам күтүп жатышкан болчу. Анан, качан аларга өздөрү таанып-билген нерсе келгенде, ага каапыр болушту!! Каапырларга Аллаһтын наалаты болсун

Choose other languages: