Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Baqara Ayahs #283 Translated in Kyrgyz

فَإِنْ لَمْ تَفْعَلُوا فَأْذَنُوا بِحَرْبٍ مِنَ اللَّهِ وَرَسُولِهِ ۖ وَإِنْ تُبْتُمْ فَلَكُمْ رُءُوسُ أَمْوَالِكُمْ لَا تَظْلِمُونَ وَلَا تُظْلَمُونَ
Эгер андай кылбасаңар, Аллаһ жана анын элчиси тарабынан (силерге каршы жарыялана турган) согушту билип койгула! Жана эгер тооба кылсаңар (пайда кошулбаган) акча-мүлкүңөр өзүңөргө. (Ошондо бирөөгө да) зулум кылбайсыңар, силерге да зулум кылынбайт
وَإِنْ كَانَ ذُو عُسْرَةٍ فَنَظِرَةٌ إِلَىٰ مَيْسَرَةٍ ۚ وَأَنْ تَصَدَّقُوا خَيْرٌ لَكُمْ ۖ إِنْ كُنْتُمْ تَعْلَمُونَ
Эгер (карыз алуучу) начар (турмушта жашаган киши) болсо, бай болгонго чейин күткүлө. Эгер (карызыңарды) садака кылып жиберсеңер - өзүңөргө жакшы, эгер билсеңер
وَاتَّقُوا يَوْمًا تُرْجَعُونَ فِيهِ إِلَى اللَّهِ ۖ ثُمَّ تُوَفَّىٰ كُلُّ نَفْسٍ مَا كَسَبَتْ وَهُمْ لَا يُظْلَمُونَ
Аллаһка кайтарыла турган күнүңөрдөн (Кыяматтан) корккула! Кийин ар бир жан ээси өзүнүн ишине жараша толук (натыйжасын) алат, жана аларга зулум кылынбайт
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِذَا تَدَايَنْتُمْ بِدَيْنٍ إِلَىٰ أَجَلٍ مُسَمًّى فَاكْتُبُوهُ ۚ وَلْيَكْتُبْ بَيْنَكُمْ كَاتِبٌ بِالْعَدْلِ ۚ وَلَا يَأْبَ كَاتِبٌ أَنْ يَكْتُبَ كَمَا عَلَّمَهُ اللَّهُ ۚ فَلْيَكْتُبْ وَلْيُمْلِلِ الَّذِي عَلَيْهِ الْحَقُّ وَلْيَتَّقِ اللَّهَ رَبَّهُ وَلَا يَبْخَسْ مِنْهُ شَيْئًا ۚ فَإِنْ كَانَ الَّذِي عَلَيْهِ الْحَقُّ سَفِيهًا أَوْ ضَعِيفًا أَوْ لَا يَسْتَطِيعُ أَنْ يُمِلَّ هُوَ فَلْيُمْلِلْ وَلِيُّهُ بِالْعَدْلِ ۚ وَاسْتَشْهِدُوا شَهِيدَيْنِ مِنْ رِجَالِكُمْ ۖ فَإِنْ لَمْ يَكُونَا رَجُلَيْنِ فَرَجُلٌ وَامْرَأَتَانِ مِمَّنْ تَرْضَوْنَ مِنَ الشُّهَدَاءِ أَنْ تَضِلَّ إِحْدَاهُمَا فَتُذَكِّرَ إِحْدَاهُمَا الْأُخْرَىٰ ۚ وَلَا يَأْبَ الشُّهَدَاءُ إِذَا مَا دُعُوا ۚ وَلَا تَسْأَمُوا أَنْ تَكْتُبُوهُ صَغِيرًا أَوْ كَبِيرًا إِلَىٰ أَجَلِهِ ۚ ذَٰلِكُمْ أَقْسَطُ عِنْدَ اللَّهِ وَأَقْوَمُ لِلشَّهَادَةِ وَأَدْنَىٰ أَلَّا تَرْتَابُوا ۖ إِلَّا أَنْ تَكُونَ تِجَارَةً حَاضِرَةً تُدِيرُونَهَا بَيْنَكُمْ فَلَيْسَ عَلَيْكُمْ جُنَاحٌ أَلَّا تَكْتُبُوهَا ۗ وَأَشْهِدُوا إِذَا تَبَايَعْتُمْ ۚ وَلَا يُضَارَّ كَاتِبٌ وَلَا شَهِيدٌ ۚ وَإِنْ تَفْعَلُوا فَإِنَّهُ فُسُوقٌ بِكُمْ ۗ وَاتَّقُوا اللَّهَ ۖ وَيُعَلِّمُكُمُ اللَّهُ ۗ وَاللَّهُ بِكُلِّ شَيْءٍ عَلِيمٌ
О, ыйман келтиргендер! Белгилүү мөөнөткө карыз алды-берди кылсаңар, ал мамилени жазып койгула. Ортоңордо бир жазуучу адилет менен жазсын. Ал Аллаһ үйрөткөндөй (адилеттик менен) жазуудан баш тартпасын. Сөзсүз жазсын жана мойнуна карыз алуучу киши айтып жаздыртсын. Ал Раббиси — Аллаһтан корксун жана андан (карыздан) бир нерсесин да кемитпесин. Эгер мойнуна карыз алуучу адам акылсызыраак, алсыз же айтып жаздыра албай турган (дудук) болсо, анын ишенимдүү өкүлү адилеттик менен айтып турсун. Жана өзүңөр ыраазы болгон күбөңөрдөн эки эркек кишиңерди, эгер эки эркек табылбай калса, бир эркек жана эки аялды күбөлүккө тарткыла. (Аялдардын) бири адашса, экинчиси эскертип турат. (Күбөлүккө) чакырылганда күбөлөр баш тартышпасын! Аны (карызды), аз болсо да, көп болсо да, өз мөөнөтүнө чейин жазып коюудан эрикпегиле. Ушунуңар Аллаһтын алдында адилеттүүрөөк, күбөлүк үчүн бекемирээк жана шектенип калбашыңарга жакыныраак. Ал эми, араңарда айлантып жаткан накталай соодаңар болсо, аны жазбай эле коюшуңарда силер үчүн күнөө жок. (Бирок, эгер унутуп калуудан корксоңор же аныгыраак болушун кааласаңар) өз ара соода кылсаңар деле күбөлөрдү тарткыла жана жазуучу да, күбөлөр да зыян тартып калышпасын. Эгер (мунун тескерисин) жасасаңар бул силердин бузукулугуңар(дын белгиси). Аллаһтан корккула! Аллаһ силерге (ушинтип) таалим берет. Аллаһ ар бир нерсени Билүүчү
وَإِنْ كُنْتُمْ عَلَىٰ سَفَرٍ وَلَمْ تَجِدُوا كَاتِبًا فَرِهَانٌ مَقْبُوضَةٌ ۖ فَإِنْ أَمِنَ بَعْضُكُمْ بَعْضًا فَلْيُؤَدِّ الَّذِي اؤْتُمِنَ أَمَانَتَهُ وَلْيَتَّقِ اللَّهَ رَبَّهُ ۗ وَلَا تَكْتُمُوا الشَّهَادَةَ ۚ وَمَنْ يَكْتُمْهَا فَإِنَّهُ آثِمٌ قَلْبُهُ ۗ وَاللَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ عَلِيمٌ
Эгер сапарда болуп, жазуучу таппай калсаңар (карыздын наркына тең) колго илингидей күрөө алсаңар болот. А, эгер бири-бириңерге ишенчү болсоңор (жаздырбай жана күрөө албай эле) ишенилген адам аманатын (өз мөөнөтүндө) аткарсын жана Раббиси — Аллаһтан корксун! (О, момундар!) Күбөлүктү жаап-жашырбагыла! Ким жаап-жашырса — анын жүрөгү күнөөлүү. Аллаһ силердин ишиңерди Билүүчү

Choose other languages: