Surah Al-Baqara Ayahs #279 Translated in Kyrgyz
الَّذِينَ يَأْكُلُونَ الرِّبَا لَا يَقُومُونَ إِلَّا كَمَا يَقُومُ الَّذِي يَتَخَبَّطُهُ الشَّيْطَانُ مِنَ الْمَسِّ ۚ ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمْ قَالُوا إِنَّمَا الْبَيْعُ مِثْلُ الرِّبَا ۗ وَأَحَلَّ اللَّهُ الْبَيْعَ وَحَرَّمَ الرِّبَا ۚ فَمَنْ جَاءَهُ مَوْعِظَةٌ مِنْ رَبِّهِ فَانْتَهَىٰ فَلَهُ مَا سَلَفَ وَأَمْرُهُ إِلَى اللَّهِ ۖ وَمَنْ عَادَ فَأُولَٰئِكَ أَصْحَابُ النَّارِ ۖ هُمْ فِيهَا خَالِدُونَ
Сүткордук (менен пайда) жеген адамдар (Кыяматта) шайтан уруп акылдан азган адам сыяктуу (мүрзөлөрүнөн) турушат. Бул алардын: «Соода деле сүткордук сыяктуу» деген сөздөрү үчүн (жаза!). Аллаһ сооданы адал, сүткордукту арам кылган. Ал эми, кимге Раббиси тарабынан (сүткорлуктун арамдыгы жөнүндө) насаат-баян келсе жана ал (тооба кылып) токтосо — өткөндөгүсү өзүнө (адал) жана (келечек) иштери Аллаһка тапшырылат. Жана ким (сүткордукка) кайтса — ошолор гана тозокулар жана алар анда түбөлүк калышат
يَمْحَقُ اللَّهُ الرِّبَا وَيُرْبِي الصَّدَقَاتِ ۗ وَاللَّهُ لَا يُحِبُّ كُلَّ كَفَّارٍ أَثِيمٍ
Аллаһ сүткорлукту(н пайдасын) жоготот жана садакаларды пайдалуу кылат.! Аллаһ ар бир күнөөлүү каапырды сүйбөйт
إِنَّ الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ وَأَقَامُوا الصَّلَاةَ وَآتَوُا الزَّكَاةَ لَهُمْ أَجْرُهُمْ عِنْدَ رَبِّهِمْ وَلَا خَوْفٌ عَلَيْهِمْ وَلَا هُمْ يَحْزَنُونَ
Ыйман келтирип, жакшы амалдарды жасаган, намазды (шарттары менен) аткарган жана зекетти берген адамдар үчүн Раббисинин алдында сооптору даяр. Жана аларга коркунуч да болбойт, кайгы-капага да батышпайт
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اتَّقُوا اللَّهَ وَذَرُوا مَا بَقِيَ مِنَ الرِّبَا إِنْ كُنْتُمْ مُؤْمِنِينَ
О, ыйман келтиргендер! Аллаһтан корккула жана эгер момун болсоңор, (мурун алып жүргөн) сүткорлук пайдаңардан калганын албагыла
فَإِنْ لَمْ تَفْعَلُوا فَأْذَنُوا بِحَرْبٍ مِنَ اللَّهِ وَرَسُولِهِ ۖ وَإِنْ تُبْتُمْ فَلَكُمْ رُءُوسُ أَمْوَالِكُمْ لَا تَظْلِمُونَ وَلَا تُظْلَمُونَ
Эгер андай кылбасаңар, Аллаһ жана анын элчиси тарабынан (силерге каршы жарыялана турган) согушту билип койгула! Жана эгер тооба кылсаңар (пайда кошулбаган) акча-мүлкүңөр өзүңөргө. (Ошондо бирөөгө да) зулум кылбайсыңар, силерге да зулум кылынбайт
Choose other languages:

Albanian

Amharic

Azerbaijani

Bengali

Bosnian

Bulgarian

Burmese

Chinese

Danish

Dutch

English

Farsi

Filipino

French

Fulah

German

Gujarati

Hausa

Hindi

Indonesian

Italian

Japanese

Jawa

Kazakh

Khmer

Korean

Kurdish

Kyrgyz

Malay

Malayalam

Norwegian

Pashto

Persian

Polish

Portuguese

Punjabi

Russian

Sindhi

Sinhalese

Somali

Spanish

Swahili

Swedish

Tajik

Tamil

Tatar

Telugu

Thai

Turkish

Urdu

Uyghur

Uzbek

Vietnamese

Yoruba
