Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Baqara Ayahs #171 Translated in Kyrgyz

وَقَالَ الَّذِينَ اتَّبَعُوا لَوْ أَنَّ لَنَا كَرَّةً فَنَتَبَرَّأَ مِنْهُمْ كَمَا تَبَرَّءُوا مِنَّا ۗ كَذَٰلِكَ يُرِيهِمُ اللَّهُ أَعْمَالَهُمْ حَسَرَاتٍ عَلَيْهِمْ ۖ وَمَا هُمْ بِخَارِجِينَ مِنَ النَّارِ
Андан соң ээрчигендер: “Эгер бизге жашоо дагы бир ирет берилчү болсо, бизди чанганы сыяктуу буларды (жасалма кудайларды) чанып (жалгыз Аллаһка сыйынып) жашайт болчубуз”-дешет. Ошентип, Аллаһ аларга (ширк) амалдарын өз баштарына кайгы кылып көргөзөт. Алар экинчи чыккыс болуп Тозокто калып кетишет
يَا أَيُّهَا النَّاسُ كُلُوا مِمَّا فِي الْأَرْضِ حَلَالًا طَيِّبًا وَلَا تَتَّبِعُوا خُطُوَاتِ الشَّيْطَانِ ۚ إِنَّهُ لَكُمْ عَدُوٌّ مُبِينٌ
О, адамдар! Жер бетиндеги нерселерден адал, таза болгондорун жегиле жана шайтан баштаган жолдорго жүрбөгүлө. Ал силерге анык душман
إِنَّمَا يَأْمُرُكُمْ بِالسُّوءِ وَالْفَحْشَاءِ وَأَنْ تَقُولُوا عَلَى اللَّهِ مَا لَا تَعْلَمُونَ
Шайтан силерди жаман, бузук иштерге жана Аллаһ жөнүндө билбеген нерсеңерди сүйлөөгө буюрат
وَإِذَا قِيلَ لَهُمُ اتَّبِعُوا مَا أَنْزَلَ اللَّهُ قَالُوا بَلْ نَتَّبِعُ مَا أَلْفَيْنَا عَلَيْهِ آبَاءَنَا ۗ أَوَلَوْ كَانَ آبَاؤُهُمْ لَا يَعْقِلُونَ شَيْئًا وَلَا يَهْتَدُونَ
Качан (мушриктерге): “Аллаһ түшүргөн нерсеге (Кураан өкүмдөрүнө) ээрчигиле” - деп айтылса, алар: “Жок, биз ата-бабаларыбыздын үрп-адаттарына ээрчийбиз” дешет. Эгер ата-бабалары эч нерсеге акыл калчабаган жана Туура Жол таппаган адамдар болсо да (ошенте беришеби)
وَمَثَلُ الَّذِينَ كَفَرُوا كَمَثَلِ الَّذِي يَنْعِقُ بِمَا لَا يَسْمَعُ إِلَّا دُعَاءً وَنِدَاءً ۚ صُمٌّ بُكْمٌ عُمْيٌ فَهُمْ لَا يَعْقِلُونَ
Каапыр болгон адамдар кишинин кыйкырыгынан чакыруу жана добуштан башка эч нерсени ылгай албаган айбандарга окшош. Алар дүлөй, дудук жана сокур! Демек, акылдарын иштетишпейт

Choose other languages: