Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Baqara Ayahs #173 Translated in Kyrgyz

إِنَّمَا يَأْمُرُكُمْ بِالسُّوءِ وَالْفَحْشَاءِ وَأَنْ تَقُولُوا عَلَى اللَّهِ مَا لَا تَعْلَمُونَ
Шайтан силерди жаман, бузук иштерге жана Аллаһ жөнүндө билбеген нерсеңерди сүйлөөгө буюрат
وَإِذَا قِيلَ لَهُمُ اتَّبِعُوا مَا أَنْزَلَ اللَّهُ قَالُوا بَلْ نَتَّبِعُ مَا أَلْفَيْنَا عَلَيْهِ آبَاءَنَا ۗ أَوَلَوْ كَانَ آبَاؤُهُمْ لَا يَعْقِلُونَ شَيْئًا وَلَا يَهْتَدُونَ
Качан (мушриктерге): “Аллаһ түшүргөн нерсеге (Кураан өкүмдөрүнө) ээрчигиле” - деп айтылса, алар: “Жок, биз ата-бабаларыбыздын үрп-адаттарына ээрчийбиз” дешет. Эгер ата-бабалары эч нерсеге акыл калчабаган жана Туура Жол таппаган адамдар болсо да (ошенте беришеби)
وَمَثَلُ الَّذِينَ كَفَرُوا كَمَثَلِ الَّذِي يَنْعِقُ بِمَا لَا يَسْمَعُ إِلَّا دُعَاءً وَنِدَاءً ۚ صُمٌّ بُكْمٌ عُمْيٌ فَهُمْ لَا يَعْقِلُونَ
Каапыр болгон адамдар кишинин кыйкырыгынан чакыруу жана добуштан башка эч нерсени ылгай албаган айбандарга окшош. Алар дүлөй, дудук жана сокур! Демек, акылдарын иштетишпейт
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا كُلُوا مِنْ طَيِّبَاتِ مَا رَزَقْنَاكُمْ وَاشْكُرُوا لِلَّهِ إِنْ كُنْتُمْ إِيَّاهُ تَعْبُدُونَ
О, ыйман келтиргендер! Эгер Аллаһтын Өзүнө ибадат кылчу болсоңор, Биз силерге ырыскы кылып берген таза нерселерден жегиле жана Аллаһка шүгүр кылгыла
إِنَّمَا حَرَّمَ عَلَيْكُمُ الْمَيْتَةَ وَالدَّمَ وَلَحْمَ الْخِنْزِيرِ وَمَا أُهِلَّ بِهِ لِغَيْرِ اللَّهِ ۖ فَمَنِ اضْطُرَّ غَيْرَ بَاغٍ وَلَا عَادٍ فَلَا إِثْمَ عَلَيْهِ ۚ إِنَّ اللَّهَ غَفُورٌ رَحِيمٌ
Аллаһ силерге тарпты, (мууздаганда аккан) канды, доңуздун этин, Аллаһтан башкага атап союлган жандыктын этин (жешти) арам кылды. Ал эми, кимде-ким, атайын издебей, чектен чыкпай (өлбөй калуу үчүн гана жегенге) мажбур болсо, ага күнөө болбойт. Аллаһ Кечиримдүү, Мээримдүү

Choose other languages: