Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Baqara Ayahs #14 Translated in Kyrgyz

فِي قُلُوبِهِمْ مَرَضٌ فَزَادَهُمُ اللَّهُ مَرَضًا ۖ وَلَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ بِمَا كَانُوا يَكْذِبُونَ
Жүрөктөрүндө оору бар. Аллаһ оорууларын дагы көбөйттү. Жана жалган сүйлөгөндөрү себептүү алар үчүн жан ооруткан азап бар
وَإِذَا قِيلَ لَهُمْ لَا تُفْسِدُوا فِي الْأَرْضِ قَالُوا إِنَّمَا نَحْنُ مُصْلِحُونَ
Эгер аларга «Жер бетинде бузукулук кылбагыла»-деп айтылчу болсо, «Биз — оң-доочуларбыз»-дешет
أَلَا إِنَّهُمْ هُمُ الْمُفْسِدُونَ وَلَٰكِنْ لَا يَشْعُرُونَ
Көңүл бургула! Алар — анык бузукулар. Бирок, өздөрү (муну) сезишпейт
وَإِذَا قِيلَ لَهُمْ آمِنُوا كَمَا آمَنَ النَّاسُ قَالُوا أَنُؤْمِنُ كَمَا آمَنَ السُّفَهَاءُ ۗ أَلَا إِنَّهُمْ هُمُ السُّفَهَاءُ وَلَٰكِنْ لَا يَعْلَمُونَ
Дагы аларга «Адамдар (сахаабалар) ыйман келтиргендей ыйман келтиргиле»-деп айтылса, «(Ушул) акылсыздар сыяктуу ый-ман келтиребизби?!»-дешет. Көңүл бургула! Өздөрү анык акмак! Бирок, (муну) билишпейт
وَإِذَا لَقُوا الَّذِينَ آمَنُوا قَالُوا آمَنَّا وَإِذَا خَلَوْا إِلَىٰ شَيَاطِينِهِمْ قَالُوا إِنَّا مَعَكُمْ إِنَّمَا نَحْنُ مُسْتَهْزِئُونَ
Ыймандуу кишилерге жолукканда: «Биз ыйман келтирдик»-дешет. Ал эми, өздөрүнүн шайтандары (чоңдору) менен жалгыз калышса: «Биз силер мененбиз. Биз аларды шылдың кылуудабыз»-дешет

Choose other languages: