Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Anaam Ayahs #11 Translated in Kyrgyz

6:7
وَلَوْ نَزَّلْنَا عَلَيْكَ كِتَابًا فِي قِرْطَاسٍ فَلَمَسُوهُ بِأَيْدِيهِمْ لَقَالَ الَّذِينَ كَفَرُوا إِنْ هَٰذَا إِلَّا سِحْرٌ مُبِينٌ
(О, Мухаммад!) Эгер Биз сага кагаздан бир китепти (жазылуу бойдон) түшүрсөк жана аны өз колдору менен кармап көрүшсө да, каапыр болгон адамдар: “Бул -анык сыйкырдан башка эмес” — деп айтышмак
6:8
وَقَالُوا لَوْلَا أُنْزِلَ عَلَيْهِ مَلَكٌ ۖ وَلَوْ أَنْزَلْنَا مَلَكًا لَقُضِيَ الْأَمْرُ ثُمَّ لَا يُنْظَرُونَ
Жана алар: “Ага (Мухаммадга жардам берүүчү) бир периште түшсө болбойт беле?” - дешет. Эгер биз периште түшүрчү болсок (жана алар аны өз көздөрү менен көргөндөн кийин деле ишенишпесе) анда, ошол замат иш бүтүрүлмөк. Аларга мөөнөт берилмек эмес
6:9
وَلَوْ جَعَلْنَاهُ مَلَكًا لَجَعَلْنَاهُ رَجُلًا وَلَلَبَسْنَا عَلَيْهِمْ مَا يَلْبِسُونَ
Эгер Биз аны (пайгамбарды) периште кылсак деле, эркек (кейипинде) кылмакпыз жана аларга өздөрү тумандаткан нерсени (андан бетер) тумандатмакпыз
وَلَقَدِ اسْتُهْزِئَ بِرُسُلٍ مِنْ قَبْلِكَ فَحَاقَ بِالَّذِينَ سَخِرُوا مِنْهُمْ مَا كَانُوا بِهِ يَسْتَهْزِئُونَ
(О, Мухаммад! Алардын шылдыңдоосунан чөкпөгүн). Сенден мурунку пайгамбарларды деле шылдыңдашкан. Кийин алардын башына шылдыңдаган нерселери балээ болуп түшкөн
قُلْ سِيرُوا فِي الْأَرْضِ ثُمَّ انْظُرُوا كَيْفَ كَانَ عَاقِبَةُ الْمُكَذِّبِينَ
Айт (О, Мухаммад: “Эгер ишенбесеңер) жер бетин кезип, (пайгамбарларды) “жалганчы” — деген адамдардын акыбети (акыркы тагдыры) эмне менен бүткөнүн көрүп койгула!”

Choose other languages: