Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Anaam Ayahs #51 Translated in Kyrgyz

قُلْ أَرَأَيْتَكُمْ إِنْ أَتَاكُمْ عَذَابُ اللَّهِ بَغْتَةً أَوْ جَهْرَةً هَلْ يُهْلَكُ إِلَّا الْقَوْمُ الظَّالِمُونَ
Айткын: “(О, мушриктер), айткылачы, эгер силерге Аллаһтын азабы капыстан (сездирбей) же ачыкчасына келсе, заалым (мушрик) адамдардан башка ким кыйратылат?!”
وَمَا نُرْسِلُ الْمُرْسَلِينَ إِلَّا مُبَشِّرِينَ وَمُنْذِرِينَ ۖ فَمَنْ آمَنَ وَأَصْلَحَ فَلَا خَوْفٌ عَلَيْهِمْ وَلَا هُمْ يَحْزَنُونَ
Биз пайгамбарларды (Бейиштен) кушкабар берүүчү жана (тозоктон) эскертүүчү кылып жиберебиз. Эми, ким ыйман келтирип, салих (жакшы) иштерди жасаса, аларга коркунуч да, кайгы-капа да жок
وَالَّذِينَ كَذَّبُوا بِآيَاتِنَا يَمَسُّهُمُ الْعَذَابُ بِمَا كَانُوا يَفْسُقُونَ
Ал эми, Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарган адамдар, жасаган бузук иштери үчүн азапка салынат
قُلْ لَا أَقُولُ لَكُمْ عِنْدِي خَزَائِنُ اللَّهِ وَلَا أَعْلَمُ الْغَيْبَ وَلَا أَقُولُ لَكُمْ إِنِّي مَلَكٌ ۖ إِنْ أَتَّبِعُ إِلَّا مَا يُوحَىٰ إِلَيَّ ۚ قُلْ هَلْ يَسْتَوِي الْأَعْمَىٰ وَالْبَصِيرُ ۚ أَفَلَا تَتَفَكَّرُونَ
Айткын: “Мен силерге “Менин алдымда Аллаһтын казналары бар” дебеймин.! Дагы мен кайыпты да билбеймин. Жана мен силерге “Мен - периштемин” деп да айтпаймын. Мен өзүмө вахий (кабар) кылынган нерселерди гана ээрчиймин”. Айткын: “Сокур менен көздүү киши тең боло алабы? Пикир кылбайсыңарбы?!”
وَأَنْذِرْ بِهِ الَّذِينَ يَخَافُونَ أَنْ يُحْشَرُوا إِلَىٰ رَبِّهِمْ ۙ لَيْسَ لَهُمْ مِنْ دُونِهِ وَلِيٌّ وَلَا شَفِيعٌ لَعَلَّهُمْ يَتَّقُونَ
Сен Раббисине чогулуудан корко турган адамдарды ал (Кураан) менен эскерткин. Аларга Андан башка дос-башчы да, күнөөсүн өчүрүүчү да жок. Кана эми, такыбаалуу болушса

Choose other languages: