Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Anaam Ayahs #49 Translated in Kyrgyz

فَقُطِعَ دَابِرُ الْقَوْمِ الَّذِينَ ظَلَمُوا ۚ وَالْحَمْدُ لِلَّهِ رَبِّ الْعَالَمِينَ
Мына ушинтип, заалым адамдардын “куйругу кесилди” (тукум курут кылынды). Ааламдардын Раббиси - Аллаһка мактоолор болсун
قُلْ أَرَأَيْتُمْ إِنْ أَخَذَ اللَّهُ سَمْعَكُمْ وَأَبْصَارَكُمْ وَخَتَمَ عَلَىٰ قُلُوبِكُمْ مَنْ إِلَٰهٌ غَيْرُ اللَّهِ يَأْتِيكُمْ بِهِ ۗ انْظُرْ كَيْفَ نُصَرِّفُ الْآيَاتِ ثُمَّ هُمْ يَصْدِفُونَ
Айт (о, Мухаммад): “Кандай дейсиңер, эгер Аллаһ силердин көзүңөрдү, кулагыңарды алып (сокур-дүлөй кылып) жана жүрөгүңөргө мөөр басып койсо, аларды Аллаһтан башка кайсы “кудай” кайтарып бере алат?!” Биз далилдерди кандай тизмектеп келтиргенибизди жана (ушуга да көзү ачылбай) кийин бурулуп кетишкенин көрүп ал
قُلْ أَرَأَيْتَكُمْ إِنْ أَتَاكُمْ عَذَابُ اللَّهِ بَغْتَةً أَوْ جَهْرَةً هَلْ يُهْلَكُ إِلَّا الْقَوْمُ الظَّالِمُونَ
Айткын: “(О, мушриктер), айткылачы, эгер силерге Аллаһтын азабы капыстан (сездирбей) же ачыкчасына келсе, заалым (мушрик) адамдардан башка ким кыйратылат?!”
وَمَا نُرْسِلُ الْمُرْسَلِينَ إِلَّا مُبَشِّرِينَ وَمُنْذِرِينَ ۖ فَمَنْ آمَنَ وَأَصْلَحَ فَلَا خَوْفٌ عَلَيْهِمْ وَلَا هُمْ يَحْزَنُونَ
Биз пайгамбарларды (Бейиштен) кушкабар берүүчү жана (тозоктон) эскертүүчү кылып жиберебиз. Эми, ким ыйман келтирип, салих (жакшы) иштерди жасаса, аларга коркунуч да, кайгы-капа да жок
وَالَّذِينَ كَذَّبُوا بِآيَاتِنَا يَمَسُّهُمُ الْعَذَابُ بِمَا كَانُوا يَفْسُقُونَ
Ал эми, Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарган адамдар, жасаган бузук иштери үчүн азапка салынат

Choose other languages: