Surah Al-Anaam Ayahs #137 Translated in Kyrgyz
وَرَبُّكَ الْغَنِيُّ ذُو الرَّحْمَةِ ۚ إِنْ يَشَأْ يُذْهِبْكُمْ وَيَسْتَخْلِفْ مِنْ بَعْدِكُمْ مَا يَشَاءُ كَمَا أَنْشَأَكُمْ مِنْ ذُرِّيَّةِ قَوْمٍ آخَرِينَ
Жана сенин Раббиң Ырайымдуу, Беймуктаж. Эгер Аллаһ кааласа силерди башка коомдун тукумунан (алардын ордуна) өндүрүп чыгарганы сыяктуу, силерди да кетирип, артыңардан Өзү каалаган (башка) коомду алып келип койот
إِنَّ مَا تُوعَدُونَ لَآتٍ ۖ وَمَا أَنْتُمْ بِمُعْجِزِينَ
Силерге убада кылынган нерсе (Кыямат) албетте келет. Жана силер Аллаһты алсыз кыла албайсыңар! (Ал белгилеген жазадан качып кете албайсыңар)
قُلْ يَا قَوْمِ اعْمَلُوا عَلَىٰ مَكَانَتِكُمْ إِنِّي عَامِلٌ ۖ فَسَوْفَ تَعْلَمُونَ مَنْ تَكُونُ لَهُ عَاقِبَةُ الدَّارِ ۗ إِنَّهُ لَا يُفْلِحُ الظَّالِمُونَ
Айт: “Эй, коомум! Ушул турушуңарда (билген) ишиңерди жасай бергиле. Мен да (Аллаһтын буйруктарын) аткара берем. Кийин, Акырет үйүндөгү (жакшы) акыбет кимдин пайдасына болушун жакында билип аласыңар. Чынында, заалымдар жеңишке жетпейт
وَجَعَلُوا لِلَّهِ مِمَّا ذَرَأَ مِنَ الْحَرْثِ وَالْأَنْعَامِ نَصِيبًا فَقَالُوا هَٰذَا لِلَّهِ بِزَعْمِهِمْ وَهَٰذَا لِشُرَكَائِنَا ۖ فَمَا كَانَ لِشُرَكَائِهِمْ فَلَا يَصِلُ إِلَى اللَّهِ ۖ وَمَا كَانَ لِلَّهِ فَهُوَ يَصِلُ إِلَىٰ شُرَكَائِهِمْ ۗ سَاءَ مَا يَحْكُمُونَ
(Мушриктер) Аллаһ жараткан эгиндерден жана мал-жандыктардан Аллаһка насип-үлүш ажыратышып, өз күмөндөрү боюнча: “Бул — Аллаһка, мунусу (Аллаһтан башка) кудайларыбызга” - дешти. “Кудайларына” ажыратылган нерселер Аллаһка (ажыратылган үлүшкө) кошулбай, ал эми, Аллаһка ажыратылган нерселер “кудайларына” (ажыратылган үлүшкө) кошула берет. (Бул) өкүмдөрү кандай жаман
وَكَذَٰلِكَ زَيَّنَ لِكَثِيرٍ مِنَ الْمُشْرِكِينَ قَتْلَ أَوْلَادِهِمْ شُرَكَاؤُهُمْ لِيُرْدُوهُمْ وَلِيَلْبِسُوا عَلَيْهِمْ دِينَهُمْ ۖ وَلَوْ شَاءَ اللَّهُ مَا فَعَلُوهُ ۖ فَذَرْهُمْ وَمَا يَفْتَرُونَ
Ошондой эле, көпчүлүк мушриктерге (уруу башчыларынан жана шайтандардан болгон) “кудайлары” аларды жок кылуу жана диндерин башаламан (түшүнүксүз) кылып таштоо үчүн өз (ымыркай) балдарын өлтүрүүнү кооздоп көргөздү. Жана эгер, Аллаһ каалаганда (бул иштерин) жасашпайт болчу. (О, Мухаммад), аларды өздөрү ойлоп чыгарган жөрөлгөлөрү менен жөн кой
Choose other languages:

Albanian

Amharic

Azerbaijani

Bengali

Bosnian

Bulgarian

Burmese

Chinese

Danish

Dutch

English

Farsi

Filipino

French

Fulah

German

Gujarati

Hausa

Hindi

Indonesian

Italian

Japanese

Jawa

Kazakh

Khmer

Korean

Kurdish

Kyrgyz

Malay

Malayalam

Norwegian

Pashto

Persian

Polish

Portuguese

Punjabi

Russian

Sindhi

Sinhalese

Somali

Spanish

Swahili

Swedish

Tajik

Tamil

Tatar

Telugu

Thai

Turkish

Urdu

Uyghur

Uzbek

Vietnamese

Yoruba
