Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Anaam Ayahs #113 Translated in Kyrgyz

وَأَقْسَمُوا بِاللَّهِ جَهْدَ أَيْمَانِهِمْ لَئِنْ جَاءَتْهُمْ آيَةٌ لَيُؤْمِنُنَّ بِهَا ۚ قُلْ إِنَّمَا الْآيَاتُ عِنْدَ اللَّهِ ۖ وَمَا يُشْعِرُكُمْ أَنَّهَا إِذَا جَاءَتْ لَا يُؤْمِنُونَ
(Мушриктер) эгер аларга бир моожиза келсе, ага сөзсүз ыйман келтирүүлөрү жөнүндө жан үрөп Аллаһтын аты менен ант ичишет. Айткын: “Моожизалар Аллаһтын алдында”. Силерге эмне билдирди?! Чынында, моожиза келсе да алар ыйман келтиришпейт
وَنُقَلِّبُ أَفْئِدَتَهُمْ وَأَبْصَارَهُمْ كَمَا لَمْ يُؤْمِنُوا بِهِ أَوَّلَ مَرَّةٍ وَنَذَرُهُمْ فِي طُغْيَانِهِمْ يَعْمَهُونَ
(Аларга) биринчи ирет (сунушталганда) ыйманга келбегендери сыяктуу Биз алардын көздөрүн жана жүрөктөрүн оодарып койобуз жана аларды адашуучулугунда тентиген абалда таштап койобуз
وَلَوْ أَنَّنَا نَزَّلْنَا إِلَيْهِمُ الْمَلَائِكَةَ وَكَلَّمَهُمُ الْمَوْتَىٰ وَحَشَرْنَا عَلَيْهِمْ كُلَّ شَيْءٍ قُبُلًا مَا كَانُوا لِيُؤْمِنُوا إِلَّا أَنْ يَشَاءَ اللَّهُ وَلَٰكِنَّ أَكْثَرَهُمْ يَجْهَلُونَ
Эгер биз аларга (пайгамбардын өзүнө жолуккан) периштелерди түшүрсөк да, эгер аларга (Мухаммад алып келген нерсенин чындыгын) өлүктөр (тирилип) айтып берсе да, (моожизанын) бардыгын аларга топ-тобу менен алып келсек да ыйман келтиришпейт. Аллаһ кааласа гана ыйман келтиришет. Бирок, алардын көпчүлүгү наадан адамдар
وَكَذَٰلِكَ جَعَلْنَا لِكُلِّ نَبِيٍّ عَدُوًّا شَيَاطِينَ الْإِنْسِ وَالْجِنِّ يُوحِي بَعْضُهُمْ إِلَىٰ بَعْضٍ زُخْرُفَ الْقَوْلِ غُرُورًا ۚ وَلَوْ شَاءَ رَبُّكَ مَا فَعَلُوهُ ۖ فَذَرْهُمْ وَمَا يَفْتَرُونَ
Ошондой эле, Биз ар бир пайгамбарга адам-шайтан жана жин-шайтандардан душман кылып койдук. Алар алдоо үчүн бир-бирине (жалганга жуурулган) бал сөздөрдү шыбырашышат. Эгер, Раббиң кааласа андай кылмак эмес. Эми, аларды токуган дооматтары менен (кошо) таштап сал
وَلِتَصْغَىٰ إِلَيْهِ أَفْئِدَةُ الَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ بِالْآخِرَةِ وَلِيَرْضَوْهُ وَلِيَقْتَرِفُوا مَا هُمْ مُقْتَرِفُونَ
Ал сөздөргө Акыретке ыйман келтирбеген адамдардын жүрөктөрү муюп, корстон болуп, билген (арам) иштерин жасап жүрө бериши үчүн

Choose other languages: