Quran Apps in many lanuages:

Surah Ad-Dukhan Ayahs #25 Translated in Kyrgyz

وَإِنْ لَمْ تُؤْمِنُوا لِي فَاعْتَزِلُونِ
Эгер ыйман келтирбесеңер, мени жөн койгула»
فَدَعَا رَبَّهُ أَنَّ هَٰؤُلَاءِ قَوْمٌ مُجْرِمُونَ
Анан ал Раббисине: «Алар күнөөкөр элдер экен. (Аларга азап жибер)»- деп дуба кылды
فَأَسْرِ بِعِبَادِي لَيْلًا إِنَّكُمْ مُتَّبَعُونَ
(Аллаһ анын дубасын кабыл алып) «Менин пенделеримди алып түнү менен (Мисирден) чык. Силердин артыңардан кубалашат»- деп, (вахий кылды). (Фираун аларга жетейин деп калганда Аллай Таала Мусага «Таягың менен деңизди ур» деп вахий кылат. Буйрукту аткарганда, он эки уруу үчүн деңизден он эки жол ачылат. Муса эли менен аман-эсен өтүп, деӊизди дагы баягы калыбына келтирүү үчүн аса таягын саздап калганда, Аллай Таала, алардын артынан келген Фираун аскерлерин деӊиз-жолго киргизүү үчүн, Мусага)
وَاتْرُكِ الْبَحْرَ رَهْوًا ۖ إِنَّهُمْ جُنْدٌ مُغْرَقُونَ
«Деңизди жөн кой. Алар чөгүп кетүүчү аскерлер!» - деди
كَمْ تَرَكُوا مِنْ جَنَّاتٍ وَعُيُونٍ
Алар нечендеген бактарды, булактарды

Choose other languages: