Quran Apps in many lanuages:

Surah Aal-E-Imran Ayahs #41 Translated in Kyrgyz

فَتَقَبَّلَهَا رَبُّهَا بِقَبُولٍ حَسَنٍ وَأَنْبَتَهَا نَبَاتًا حَسَنًا وَكَفَّلَهَا زَكَرِيَّا ۖ كُلَّمَا دَخَلَ عَلَيْهَا زَكَرِيَّا الْمِحْرَابَ وَجَدَ عِنْدَهَا رِزْقًا ۖ قَالَ يَا مَرْيَمُ أَنَّىٰ لَكِ هَٰذَا ۖ قَالَتْ هُوَ مِنْ عِنْدِ اللَّهِ ۖ إِنَّ اللَّهَ يَرْزُقُ مَنْ يَشَاءُ بِغَيْرِ حِسَابٍ
Раббиси аны (назирди) жакшынакай кабыл алып, жакшынакай өстүрдү жана ага Закарияны кепил (камкор) кылды. Ар качан Закария анын үстүнө -михрапка кирсе, анын алдында (ширин-шербет жемиштерден) ырыскы турганын көрдү. Ал: “О, Марям, булар сага кайдан?” деди. Ал: “Аллаһтын алдынан. Албетте, Аллаһ Өзү каалаган адамына эсепсиз ырыскы берет” деди
هُنَالِكَ دَعَا زَكَرِيَّا رَبَّهُ ۖ قَالَ رَبِّ هَبْ لِي مِنْ لَدُنْكَ ذُرِّيَّةً طَيِّبَةً ۖ إِنَّكَ سَمِيعُ الدُّعَاءِ
Ошондо, Закария Раббисине дуба кылып: “О, Раббим! Мага да Өзүңдүн даргөйүңдөн пакиза бир урпак бере көр! Албетте, Сен дубаны Угуучусуң!” деди
فَنَادَتْهُ الْمَلَائِكَةُ وَهُوَ قَائِمٌ يُصَلِّي فِي الْمِحْرَابِ أَنَّ اللَّهَ يُبَشِّرُكَ بِيَحْيَىٰ مُصَدِّقًا بِكَلِمَةٍ مِنَ اللَّهِ وَسَيِّدًا وَحَصُورًا وَنَبِيًّا مِنَ الصَّالِحِينَ
Анан (күндөрдүн бир күнүндө) ал михрапта намаз окуп турганда периштелер ага: “(О, Закария!) Аллаһ сени Яхья (деген перзент) менен сүйүнтөт. (Ал бала) Аллаһтын Сөзүн (Ыйсаны) тастыктоочу, улукзаада, дене кумарларынан өзүн кармай билген жана (жогорку даражалуу) салих пайгамбарлардан бири болот!” деп добуш беришти
قَالَ رَبِّ أَنَّىٰ يَكُونُ لِي غُلَامٌ وَقَدْ بَلَغَنِيَ الْكِبَرُ وَامْرَأَتِي عَاقِرٌ ۖ قَالَ كَذَٰلِكَ اللَّهُ يَفْعَلُ مَا يَشَاءُ
(Закария) айтты: “О, Раббим! Мага кайдан бала болсун, өзүм картаң, аялым туубас болсо?!” (Аллаһ) айтты: “Ушундай. Аллаһ каалаган ишин аткарат»
قَالَ رَبِّ اجْعَلْ لِي آيَةً ۖ قَالَ آيَتُكَ أَلَّا تُكَلِّمَ النَّاسَ ثَلَاثَةَ أَيَّامٍ إِلَّا رَمْزًا ۗ وَاذْكُرْ رَبَّكَ كَثِيرًا وَسَبِّحْ بِالْعَشِيِّ وَالْإِبْكَارِ
(Закария) айтты: “О, Раббим! (жүрөгүм тынчтанып, санаасыз болушум үчүн) мага (кемпиримдин боюнда болгонун билдирген) бир сыр - белги бере көр!” (Аллаһ) Айтты: “Сенин белгиң: (тилден калып) үч күн адамдарга ишаарат менен гана сүйлөп каласың. Эми, Раббиңди көп зикир кыл жана эртели-кеч Аны даңктап, тасбих айт!”! Кийинки аятта Аллаһ Таала Имрандын кызы Марямдын окуясын улантат. Ошентип, Марям кыз чоңойгондо ибадатта, тазалык-такыбаада эң бир жогорку даражага жетет

Choose other languages: