Quran Apps in many lanuages:

Surah Yunus Ayahs #82 Translated in Kyrgyz

قَالُوا أَجِئْتَنَا لِتَلْفِتَنَا عَمَّا وَجَدْنَا عَلَيْهِ آبَاءَنَا وَتَكُونَ لَكُمَا الْكِبْرِيَاءُ فِي الْأَرْضِ وَمَا نَحْنُ لَكُمَا بِمُؤْمِنِينَ
Алар айтышты: “Силер бизди ата-бабалар жүргөн динден тосуу үчүн жана (биздин) жердеги бийлик силерге ооп калуу үчүн (жана бизди өз жерибизден чыгарып жиберүү үчүн) келдиңерби?! Биз экөөңө (эч качан) ыйман келтирбейбиз!””
وَقَالَ فِرْعَوْنُ ائْتُونِي بِكُلِّ سَاحِرٍ عَلِيمٍ
Анан Фираун айтты: “Мага (Мисир жериндеги) бардык илимдүү сыйкырчыларды алып келгиле!”
فَلَمَّا جَاءَ السَّحَرَةُ قَالَ لَهُمْ مُوسَىٰ أَلْقُوا مَا أَنْتُمْ مُلْقُونَ
Качан сыйкырчылар (Муса менен жарышканы) келгенде Муса аларга: “Эмнени таштоону кааласаңар таштагыла”- деди
فَلَمَّا أَلْقَوْا قَالَ مُوسَىٰ مَا جِئْتُمْ بِهِ السِّحْرُ ۖ إِنَّ اللَّهَ سَيُبْطِلُهُ ۖ إِنَّ اللَّهَ لَا يُصْلِحُ عَمَلَ الْمُفْسِدِينَ
(Сыйкырчылар колдорундагы жиптерди, таякчаларды) таштады эле, (кадимки эле бултуңдаган жыландарга окшоп калды. Анда) Муса айтты: “Силер жасаган (ушул) иш (анык) сыйкыр! Аллаһ тез эле анын жалганын чыгарат! Чынында, Аллаһ бузукулардын ишин оңдобойт.»
وَيُحِقُّ اللَّهُ الْحَقَّ بِكَلِمَاتِهِ وَلَوْ كَرِهَ الْمُجْرِمُونَ
Аллаһ кылмышкерлерге жакпаса да, Өзүнүн сөздөрү менен Акыйкатты бекемдеп койот

Choose other languages: