Quran Apps in many lanuages:

Surah Yunus Ayahs #19 Translated in Kyrgyz

وَإِذَا تُتْلَىٰ عَلَيْهِمْ آيَاتُنَا بَيِّنَاتٍ ۙ قَالَ الَّذِينَ لَا يَرْجُونَ لِقَاءَنَا ائْتِ بِقُرْآنٍ غَيْرِ هَٰذَا أَوْ بَدِّلْهُ ۚ قُلْ مَا يَكُونُ لِي أَنْ أُبَدِّلَهُ مِنْ تِلْقَاءِ نَفْسِي ۖ إِنْ أَتَّبِعُ إِلَّا مَا يُوحَىٰ إِلَيَّ ۖ إِنِّي أَخَافُ إِنْ عَصَيْتُ رَبِّي عَذَابَ يَوْمٍ عَظِيمٍ
Эгер аларга Биздин анык аяттарыбыз окуп берилсе, Бизге жолугууну үмүт кылбаган (мушрик) адамдар: “(О, Мухаммад) бизге мындан бөлөк Кураан алып кел же аны (биздин каалоолорубузга ылайыктап) өзгөрт”- дешкен. Айткын: “Мага аны өз оюм менен өзгөртүү мүмкүн эмес. Мен (Кураанды өзүм ойлоп чыгарбаймын) болгону, өзүмө (Аллаһ тарабынан) вахий кылынган нерселерди гана ээрчиймин. Эгер мен Раббиме күнөө кылсам, Улуу Күндүн азабынан коркомун!”
قُلْ لَوْ شَاءَ اللَّهُ مَا تَلَوْتُهُ عَلَيْكُمْ وَلَا أَدْرَاكُمْ بِهِ ۖ فَقَدْ لَبِثْتُ فِيكُمْ عُمُرًا مِنْ قَبْلِهِ ۚ أَفَلَا تَعْقِلُونَ
Айткын: “Эгер Аллаһ каалаганда мен силерге муну окуп бербейт элем жана Ал (Аллаһ) да аны силерге үйрөтпөйт эле. Мен өмүр бою өзүңөрдүн араңарда (жашап) келем го! Акылыңарды иштетпейсиңерби?»
فَمَنْ أَظْلَمُ مِمَّنِ افْتَرَىٰ عَلَى اللَّهِ كَذِبًا أَوْ كَذَّبَ بِآيَاتِهِ ۚ إِنَّهُ لَا يُفْلِحُ الْمُجْرِمُونَ
Аллаһка жалаа жаап, аяттарын “жалган” деген адамдардан заалымыраак ким бар?! Чынында, күнөөкөр адамдар эч качан жеңишке (Бейишке) жетпейт
وَيَعْبُدُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ مَا لَا يَضُرُّهُمْ وَلَا يَنْفَعُهُمْ وَيَقُولُونَ هَٰؤُلَاءِ شُفَعَاؤُنَا عِنْدَ اللَّهِ ۚ قُلْ أَتُنَبِّئُونَ اللَّهَ بِمَا لَا يَعْلَمُ فِي السَّمَاوَاتِ وَلَا فِي الْأَرْضِ ۚ سُبْحَانَهُ وَتَعَالَىٰ عَمَّا يُشْرِكُونَ
(Мушриктер) Аллаһтан башка, пайда да, зыян да жеткире албай турган нерселерге ибадат кылып: “Ушулар Аллаһтын алдындагы биздин актоочуларыбыз” -дешти. Айткын: «Силер Аллаһка асмандар жана жердеги билбеген “шериктерин” билгизип коймок болдуңарбы?!» Ал (мушриктер ойлогондой болуудан) Таза жана алардын ширктеринен Бийик
وَمَا كَانَ النَّاسُ إِلَّا أُمَّةً وَاحِدَةً فَاخْتَلَفُوا ۚ وَلَوْلَا كَلِمَةٌ سَبَقَتْ مِنْ رَبِّكَ لَقُضِيَ بَيْنَهُمْ فِيمَا فِيهِ يَخْتَلِفُونَ
(Мурун) адамдардын бардыгы бир динде болушкан. Кийинчерээк (пикирде) чачыранды болуп кетишти.! Эгер Раббиң тарабынан өткөн (каапырларга бул дүйнөдө мөөнөт берүү жөнүндөгү) сөз болбогондо, каршы чыккан иштеринде аларга (кыйратуу менен) өкүм кылынмак

Choose other languages: