Quran Apps in many lanuages:

Surah Yunus Ayahs #109 Translated in Kyrgyz

وَإِنْ يَمْسَسْكَ اللَّهُ بِضُرٍّ فَلَا كَاشِفَ لَهُ إِلَّا هُوَ ۖ وَإِنْ يُرِدْكَ بِخَيْرٍ فَلَا رَادَّ لِفَضْلِهِ ۚ يُصِيبُ بِهِ مَنْ يَشَاءُ مِنْ عِبَادِهِ ۚ وَهُوَ الْغَفُورُ الرَّحِيمُ
Эгер Аллаһ сени бир зыян менен кармаса, аны Өзүнөн башка эч ким арылта албайт. А, эгер сага Аллаһ бир жакшылыкты кааласа, Анын пазилетине эч ким тоскоол боло албайт. Аллаһтын жакшылыгы пенделеринин арасынан Өзү каалагандарына жетет. Ал — Кечиримдүү, Ырайымдуу
قُلْ يَا أَيُّهَا النَّاسُ قَدْ جَاءَكُمُ الْحَقُّ مِنْ رَبِّكُمْ ۖ فَمَنِ اهْتَدَىٰ فَإِنَّمَا يَهْتَدِي لِنَفْسِهِ ۖ وَمَنْ ضَلَّ فَإِنَّمَا يَضِلُّ عَلَيْهَا ۖ وَمَا أَنَا عَلَيْكُمْ بِوَكِيلٍ
Айткын: “О, адамдар! Силерге Раббиңер тарабынан Акыйкат (Кураан) келди. Ким (анын өкүмү менен жашап) Туура Жол тапкан болсо — өз пайдасына. Ким адашса — өзүнүн гана зыянына. Мен силер үчүн (ишиңерди текшерип жүрүүчү) өкүл эмесмин»
وَاتَّبِعْ مَا يُوحَىٰ إِلَيْكَ وَاصْبِرْ حَتَّىٰ يَحْكُمَ اللَّهُ ۚ وَهُوَ خَيْرُ الْحَاكِمِينَ
Өзүңө вахий кылынган нерсени (Кураанды) гана ээрчип, (эгер сени бирөө “жалганчы” десе, араңарда) Аллаһ өкүм кылганга чейин сабыр кыл. Ал - өкүм кылуучулардын мыктысы

Choose other languages: