Quran Apps in many lanuages:

Surah Ya-Seen Ayahs #26 Translated in Kyrgyz

وَمَا لِيَ لَا أَعْبُدُ الَّذِي فَطَرَنِي وَإِلَيْهِ تُرْجَعُونَ
«Эмне үчүн мен өзүмдү (жоктон) бар кылган Кудайга ибадат кылбайт экенмин?! Силер дагы Ага кайтарыласыңар
أَأَتَّخِذُ مِنْ دُونِهِ آلِهَةً إِنْ يُرِدْنِ الرَّحْمَٰنُ بِضُرٍّ لَا تُغْنِ عَنِّي شَفَاعَتُهُمْ شَيْئًا وَلَا يُنْقِذُونِ
Андан башкаларды кудай кылып алайынбы?! Эгер мага Рахман бир зыян (жеткирүүнү) кааласа, мага алардын шапаат-ортомчулуктары эч кандай пайда бербейт жана алар мени куткара да алышпайт
إِنِّي إِذًا لَفِي ضَلَالٍ مُبِينٍ
(Эгер Аллаһтан башканы кудай кылып алсам) анда мен анык адашууда болуп каламын
إِنِّي آمَنْتُ بِرَبِّكُمْ فَاسْمَعُونِ
Мен силердин (чыныгы) Раббиңерге ыйман келтирдим, мени уккула!». (Анан мушриктер аны өлтүрүп коюшат. Шейит болуп, Раббисинин алдына барганда, ага)
قِيلَ ادْخُلِ الْجَنَّةَ ۖ قَالَ يَا لَيْتَ قَوْمِي يَعْلَمُونَ
айтылды: «Бейишке Кир»! Ал киши айтты: «Кана эми, менин коомум билсе

Choose other languages: