Quran Apps in many lanuages:

Surah Ta-Ha Ayahs #58 Translated in Kyrgyz

كُلُوا وَارْعَوْا أَنْعَامَكُمْ ۗ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَاتٍ لِأُولِي النُّهَىٰ
(Алардан) жегиле жана мал-чарбаңарды баккыла. Бул нерселерде акылдуу кишилер үчүн сабактар бар
مِنْهَا خَلَقْنَاكُمْ وَفِيهَا نُعِيدُكُمْ وَمِنْهَا نُخْرِجُكُمْ تَارَةً أُخْرَىٰ
Биз силерди ошол жерден чыгарганбыз жана ошого кайтарабыз. Жана (Кыяматта) экинчи ирет дагы ошондон чыгарып алабыз
وَلَقَدْ أَرَيْنَاهُ آيَاتِنَا كُلَّهَا فَكَذَّبَ وَأَبَىٰ
Биз ага (Фираунга арналган) бардык моожизаларыбызды көрсөтсөк, «жалган» деп, (акыйкатты кабыл алуудан) баш тартты
قَالَ أَجِئْتَنَا لِتُخْرِجَنَا مِنْ أَرْضِنَا بِسِحْرِكَ يَا مُوسَىٰ
(Жана мындай) деди: «О, Муса сен өзүңдүн сыйкырың менен бизди жерибизден чыгарып жиберүү үчүн келдиңби
فَلَنَأْتِيَنَّكَ بِسِحْرٍ مِثْلِهِ فَاجْعَلْ بَيْنَنَا وَبَيْنَكَ مَوْعِدًا لَا نُخْلِفُهُ نَحْنُ وَلَا أَنْتَ مَكَانًا سُوًى
Биз деле сага ошонун өзүндөй сыйкыр келтирип бере алабыз. Эми, биз менен өзүңдүн ортоңдо бир тегиз жерди убада кылгын. Ал жер өзүңө да, бизге да ылайыктуу болсун

Choose other languages: