Quran Apps in many lanuages:

Surah Ta-Ha Ayahs #110 Translated in Kyrgyz

فَيَذَرُهَا قَاعًا صَفْصَفًا
Жана (жер менен) тегиз кылып салат
لَا تَرَىٰ فِيهَا عِوَجًا وَلَا أَمْتًا
Сен ал (Кыяматта элдер чогулчу) жерде не бир ийрилик, не бир өйдө-чуңкур көрбөйсүң
يَوْمَئِذٍ يَتَّبِعُونَ الدَّاعِيَ لَا عِوَجَ لَهُ ۖ وَخَشَعَتِ الْأَصْوَاتُ لِلرَّحْمَٰنِ فَلَا تَسْمَعُ إِلَّا هَمْسًا
Ошол күнү (элдер) бир жарчынын артынан (Мавкиф майданына) ээрчип жөнөшөт. Анын жар салган сөздөрүндө эч бир ката жок. (Күүлдөгөн) добуштар Рахмандын (Аллаһтын) урматына өчүп, шыбыраган үндөрдү гана угуп каласың
يَوْمَئِذٍ لَا تَنْفَعُ الشَّفَاعَةُ إِلَّا مَنْ أَذِنَ لَهُ الرَّحْمَٰنُ وَرَضِيَ لَهُ قَوْلًا
Ал күнү Рахман? уруксат бергендерге жана сөзүнөн Аллаһ ыраазы болгондорго гана шапаат пайда берет
يَعْلَمُ مَا بَيْنَ أَيْدِيهِمْ وَمَا خَلْفَهُمْ وَلَا يُحِيطُونَ بِهِ عِلْمًا
(Аллаһ) пенделердин келечегиндеги, өтмүшүндөгү бардык нерсени билет. Алардын илими Аллаһты камтый албайт

Choose other languages: