Quran Apps in many lanuages:

Surah Sad Ayahs #33 Translated in Kyrgyz

كِتَابٌ أَنْزَلْنَاهُ إِلَيْكَ مُبَارَكٌ لِيَدَّبَّرُوا آيَاتِهِ وَلِيَتَذَكَّرَ أُولُو الْأَلْبَابِ
Биз сага бул берекеттүү (Кураан) Китепти анын айаттарын акылдуу адамдар түшүнүп окушу жана (андан) акыл-насаат алышы үчүн түшүрдүк
وَوَهَبْنَا لِدَاوُودَ سُلَيْمَانَ ۚ نِعْمَ الْعَبْدُ ۖ إِنَّهُ أَوَّابٌ
Жана Биз Даудга Сулайманды белек кылдык. Ал (Сулайман) абдан жакшы пенде! Чынында, ал (Раббисине) өтө берилген
إِذْ عُرِضَ عَلَيْهِ بِالْعَشِيِّ الصَّافِنَاتُ الْجِيَادُ
Бир кезде, кечке маал ага ойноктогон тулпарлар көргөзүлдү
فَقَالَ إِنِّي أَحْبَبْتُ حُبَّ الْخَيْرِ عَنْ ذِكْرِ رَبِّي حَتَّىٰ تَوَارَتْ بِالْحِجَابِ
(Ошондо ал): «Мен кооздукту сүйүүнү Раббимди эскерүүдөн абзел көрүп калган турбаймынбы! (Күн) бетине парда тартып алыптыр!» - деди
رُدُّوهَا عَلَيَّ ۖ فَطَفِقَ مَسْحًا بِالسُّوقِ وَالْأَعْنَاقِ
Ошол (мени алаксыткан) тулпарларды алып келгиле!» Анан (тулпарлардын) моюндары менен буттарын (кылычы менен) «сылай» баштады

Choose other languages: