Quran Apps in many lanuages:

Surah Muhammad Ayahs #18 Translated in Kyrgyz

أَفَمَنْ كَانَ عَلَىٰ بَيِّنَةٍ مِنْ رَبِّهِ كَمَنْ زُيِّنَ لَهُ سُوءُ عَمَلِهِ وَاتَّبَعُوا أَهْوَاءَهُمْ
Раббиси тарабынан (жиберилген) анык баян-далилдин үстүндө болгон киши, жаман иши өзүнө (шайтан тарабынан) кооз көргөзүлгөн жана напсинин каалоолорун (гана) ээрчиген адамга окшоп калмак беле
مَثَلُ الْجَنَّةِ الَّتِي وُعِدَ الْمُتَّقُونَ ۖ فِيهَا أَنْهَارٌ مِنْ مَاءٍ غَيْرِ آسِنٍ وَأَنْهَارٌ مِنْ لَبَنٍ لَمْ يَتَغَيَّرْ طَعْمُهُ وَأَنْهَارٌ مِنْ خَمْرٍ لَذَّةٍ لِلشَّارِبِينَ وَأَنْهَارٌ مِنْ عَسَلٍ مُصَفًّى ۖ وَلَهُمْ فِيهَا مِنْ كُلِّ الثَّمَرَاتِ وَمَغْفِرَةٌ مِنْ رَبِّهِمْ ۖ كَمَنْ هُوَ خَالِدٌ فِي النَّارِ وَسُقُوا مَاءً حَمِيمًا فَقَطَّعَ أَمْعَاءَهُمْ
Такыба кишилер үчүн убада кылынган Бейиштин мисалы: анда ичүүчүлөр үчүн (даамы, жыты, түсү) бузулбаган суу дарыялары, даамы айныбаган сүт дарыялары, ылаззаттуу шарап дарыялары жана таза-пакиза бал дарыялары бар. Анда алар үчүн ар түрдүү мөмөлөр жана Раббисинен кечирим бар. (Ушундай бейишке түшкөн адам) тозокто түбөлүк калып, (удаама-удаа) кайнак суу ичирилип, натыйжада ичегилери үзүлүп кеткен адамга окшойбу
وَمِنْهُمْ مَنْ يَسْتَمِعُ إِلَيْكَ حَتَّىٰ إِذَا خَرَجُوا مِنْ عِنْدِكَ قَالُوا لِلَّذِينَ أُوتُوا الْعِلْمَ مَاذَا قَالَ آنِفًا ۚ أُولَٰئِكَ الَّذِينَ طَبَعَ اللَّهُ عَلَىٰ قُلُوبِهِمْ وَاتَّبَعُوا أَهْوَاءَهُمْ
Алардын (мунафыктардын) арасынан кээ бирөөлөрү сага (жүрөгү менен берилбей) кулак салышат. Ал эми, качан сенден чыкканда (берилип уккан) илимдүү адамдардан «(Мухаммад) азыр эмне деди эле?» деп сурашат. (Мунун себеби) Аллаһ алардын жүрөктөрүнө мөөр басып койгон. Алар өз каалоолорун гана ээрчиген адамдар
وَالَّذِينَ اهْتَدَوْا زَادَهُمْ هُدًى وَآتَاهُمْ تَقْوَاهُمْ
(Аллаһ) Туура Жолго түшкөн адамдардын хидаятын дагы да көбөйтөт жана аларды такыбалуу кылат
فَهَلْ يَنْظُرُونَ إِلَّا السَّاعَةَ أَنْ تَأْتِيَهُمْ بَغْتَةً ۖ فَقَدْ جَاءَ أَشْرَاطُهَا ۚ فَأَنَّىٰ لَهُمْ إِذَا جَاءَتْهُمْ ذِكْرَاهُمْ
Эми алар (мунафыктар) өздөрүнө капысынан Кыямат келип калышын башка эч нерсени күтүшпөйт. Кыяматтын (кээ бир) белгилери келип да калды! Анан эгер Кыямат келип калса, алардын эскерме-сабак алуулары кайдан мүмкүн болсун

Choose other languages: