Quran Apps in many lanuages:

Surah Ibrahim Ayahs #33 Translated in Kyrgyz

جَهَنَّمَ يَصْلَوْنَهَا ۖ وَبِئْسَ الْقَرَارُ
өздөрү ташталчу Тозокко ээрчитип баргандарды көрбөйсүңбү? Ал кандай жаман орун
وَجَعَلُوا لِلَّهِ أَنْدَادًا لِيُضِلُّوا عَنْ سَبِيلِهِ ۗ قُلْ تَمَتَّعُوا فَإِنَّ مَصِيرَكُمْ إِلَى النَّارِ
Алар адамдарды Аллаһтын жолунан тосуу үчүн Аллаһка (башка «кудайларды») теңдеш кылышкан. (О, Мухаммад, аларга) Айткын: «(Адашуучулук жашооңордо бир аз) пайдаланып калгыла. Силердин бараар жериңер — Тозок!»
قُلْ لِعِبَادِيَ الَّذِينَ آمَنُوا يُقِيمُوا الصَّلَاةَ وَيُنْفِقُوا مِمَّا رَزَقْنَاهُمْ سِرًّا وَعَلَانِيَةً مِنْ قَبْلِ أَنْ يَأْتِيَ يَوْمٌ لَا بَيْعٌ فِيهِ وَلَا خِلَالٌ
Менин ыймандуу пенделериме айт, намаздарын окуп, тааныш— билиштиги жана соода-келишими жок болгон (Акырет) Күн келгенге чейин, Биз ырыскы кылып берген нерселерден жарыя же жашыруун түрдө садака кылып калышсын
اللَّهُ الَّذِي خَلَقَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ وَأَنْزَلَ مِنَ السَّمَاءِ مَاءً فَأَخْرَجَ بِهِ مِنَ الثَّمَرَاتِ رِزْقًا لَكُمْ ۖ وَسَخَّرَ لَكُمُ الْفُلْكَ لِتَجْرِيَ فِي الْبَحْرِ بِأَمْرِهِ ۖ وَسَخَّرَ لَكُمُ الْأَنْهَارَ
Аллаһ асмандар менен жерди (алты күндө) жаратып, асмандан сууну түшүрдү. Кийин аны менен силерге ырыскы болсун деп, мөмөлөрдү чыгарды. Жана Өз амири менен деңизде жүрүшүңөр үчүн силерге кемени моюн сундурду. Дарыяларды да силер үчүн кызмат кылдырып койду
وَسَخَّرَ لَكُمُ الشَّمْسَ وَالْقَمَرَ دَائِبَيْنِ ۖ وَسَخَّرَ لَكُمُ اللَّيْلَ وَالنَّهَارَ
Ал жана силер үчүн токтоосуз аракеттеги Күн менен Айды, түн менен күндүздү моюн сундурду

Choose other languages: