Quran Apps in many lanuages:

Surah Ghafir Ayahs #79 Translated in Kyrgyz

ذَٰلِكُمْ بِمَا كُنْتُمْ تَفْرَحُونَ فِي الْأَرْضِ بِغَيْرِ الْحَقِّ وَبِمَا كُنْتُمْ تَمْرَحُونَ
«Бул жер бетинде акыйкатсыздык (жалган дүйнө азгырыктары) менен корстон болгонуңардын жана текеберчилигиңердин (жазасы)
ادْخُلُوا أَبْوَابَ جَهَنَّمَ خَالِدِينَ فِيهَا ۖ فَبِئْسَ مَثْوَى الْمُتَكَبِّرِينَ
(Эми) анда түбөлүк кала турган тозок эшиктеринен киргиле! Текебер адамдардын орду кандай жаман!»
فَاصْبِرْ إِنَّ وَعْدَ اللَّهِ حَقٌّ ۚ فَإِمَّا نُرِيَنَّكَ بَعْضَ الَّذِي نَعِدُهُمْ أَوْ نَتَوَفَّيَنَّكَ فَإِلَيْنَا يُرْجَعُونَ
(О, Мухаммад) сабыр кыл. Аллаһтын убадасы — Акыйкат! Аларга убада кылган азаптан кээ бирөөлөрүн сага көргөзөбүз, же болбосо, (аларга азап жибере электе) жаныңды алабыз. (Анда алардын азап тартканын Акыретте көрөсүң. Анткени бардыгы) Өзүбүзгө гана кайтарылышат
وَلَقَدْ أَرْسَلْنَا رُسُلًا مِنْ قَبْلِكَ مِنْهُمْ مَنْ قَصَصْنَا عَلَيْكَ وَمِنْهُمْ مَنْ لَمْ نَقْصُصْ عَلَيْكَ ۗ وَمَا كَانَ لِرَسُولٍ أَنْ يَأْتِيَ بِآيَةٍ إِلَّا بِإِذْنِ اللَّهِ ۚ فَإِذَا جَاءَ أَمْرُ اللَّهِ قُضِيَ بِالْحَقِّ وَخَسِرَ هُنَالِكَ الْمُبْطِلُونَ
Биз сага чейин (көп) пайгамбарларды жибердик. Алардын арасынан сага (Кураанда) баяндап бергенибиз да бар, баян кылып бербегенибиз да бар. Эч бир пайгамбар Аллаһтын уруксаты болмоюнча эч кандай моожиза келтире албайт!! Ал эми, качан Аллаһтын буйругу келгенде, акыйкат менен өкүм кылынат. Ошол жерде жалганчылар зыянга учурашат
اللَّهُ الَّذِي جَعَلَ لَكُمُ الْأَنْعَامَ لِتَرْكَبُوا مِنْهَا وَمِنْهَا تَأْكُلُونَ
Аллаһ силерге (ар түрдүү) айбандарды жаратып (моюн сундуруп) берди. Алардын арасынан минишиңер үчүн (жаратканы бар). Алардын арасынан (этин) жешиңер үчүн (жараткандары бар)

Choose other languages: