Quran Apps in many lanuages:

Surah Ghafir Ayahs #10 Translated in Kyrgyz

وَكَذَٰلِكَ حَقَّتْ كَلِمَتُ رَبِّكَ عَلَى الَّذِينَ كَفَرُوا أَنَّهُمْ أَصْحَابُ النَّارِ
Каапырларга Раббиңдин Сөзү (азабы) ушинтип акыйкат (жаза) болгон. Чынында алар тозок элдеринен
الَّذِينَ يَحْمِلُونَ الْعَرْشَ وَمَنْ حَوْلَهُ يُسَبِّحُونَ بِحَمْدِ رَبِّهِمْ وَيُؤْمِنُونَ بِهِ وَيَسْتَغْفِرُونَ لِلَّذِينَ آمَنُوا رَبَّنَا وَسِعْتَ كُلَّ شَيْءٍ رَحْمَةً وَعِلْمًا فَاغْفِرْ لِلَّذِينَ تَابُوا وَاتَّبَعُوا سَبِيلَكَ وَقِهِمْ عَذَابَ الْجَحِيمِ
Аршты көтөргөн жана анын айланасында турган периштелер Раббисин мактап тасбих айтышат, Ага ыйман келтиришет жана ыймандуу пенделерге Аллаһтан кечирим сурап (мындай дуба кылышат): «О, Рабби! Ар бир нерсени ырайымың жана илимиң менен камтып турасың! (Сага) тооба кылып, Сенин жолуңа ээрчиген (момун) пенделериңдин күнөөлөрүн кечире көр?! Аларды тозок азабынан сакта
رَبَّنَا وَأَدْخِلْهُمْ جَنَّاتِ عَدْنٍ الَّتِي وَعَدْتَهُمْ وَمَنْ صَلَحَ مِنْ آبَائِهِمْ وَأَزْوَاجِهِمْ وَذُرِّيَّاتِهِمْ ۚ إِنَّكَ أَنْتَ الْعَزِيزُ الْحَكِيمُ
О, Жараткан! Аларды жана алардын ата-бабаларынан, жубайларынан жана урпактарынан салих (таза) болгондорун Өзүң аларга убада кылган "Адн" бейишңе киргиз! Чынында, Сен Кудуреттүү, Даанышмансың
وَقِهِمُ السَّيِّئَاتِ ۚ وَمَنْ تَقِ السَّيِّئَاتِ يَوْمَئِذٍ فَقَدْ رَحِمْتَهُ ۚ وَذَٰلِكَ هُوَ الْفَوْزُ الْعَظِيمُ
Аларды жамандыктардан сакта! Сен бүгүнкү (Кыямат) Күнү кимди жамандыктардан сактаган болсоң, ага ырайым кылыптырсың! Бул деген эң улук жеңиш!»
إِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا يُنَادَوْنَ لَمَقْتُ اللَّهِ أَكْبَرُ مِنْ مَقْتِكُمْ أَنْفُسَكُمْ إِذْ تُدْعَوْنَ إِلَى الْإِيمَانِ فَتَكْفُرُونَ
Чынында, каапыр адамдарга бийик добуш менен айтылат: «(Азыр) өзүңөрдү-өзүңөр жек көргөндөн, Аллаһтын жек көрүүсү улугураак! Бир кезде силерди ыйманга чакырылганда каапыр болдуңар

Choose other languages: