Quran Apps in many lanuages:

Surah Ghafir Ayahs #72 Translated in Kyrgyz

هُوَ الَّذِي يُحْيِي وَيُمِيتُ ۖ فَإِذَا قَضَىٰ أَمْرًا فَإِنَّمَا يَقُولُ لَهُ كُنْ فَيَكُونُ
Ал тирилтет жана өлтүрөт. Эгер бир (чоң же кичине) ишти өкүм кылчу болсо, ага (карата) «бол!» деп айтат. Анан ал болуп калат
أَلَمْ تَرَ إِلَى الَّذِينَ يُجَادِلُونَ فِي آيَاتِ اللَّهِ أَنَّىٰ يُصْرَفُونَ
Аллаһтын аяттары жөнүндө (далилсиз эле) талашып жаткан адамга карабайсыңбы! Каякка бурулуп баратышат
الَّذِينَ كَذَّبُوا بِالْكِتَابِ وَبِمَا أَرْسَلْنَا بِهِ رُسُلَنَا ۖ فَسَوْفَ يَعْلَمُونَ
Алар - Китепти (Кураанды) жана Биз пайгамбарларыбызга жиберген динди «жалган» деген адамдар! Жакында билип алышат
إِذِ الْأَغْلَالُ فِي أَعْنَاقِهِمْ وَالسَّلَاسِلُ يُسْحَبُونَ
Ошол Күнү алардын моюнунда сүйрөлө турган кишендер жана чынжырлар болот
فِي الْحَمِيمِ ثُمَّ فِي النَّارِ يُسْجَرُونَ
(тозоктогу) кайнак суу тарапка! Кийин (шайтандары менен кошо таңылып) тозокто куйкаланат

Choose other languages: