Quran Apps in many lanuages:

Surah Fatir Ayahs #27 Translated in Kyrgyz

إِنْ أَنْتَ إِلَّا نَذِيرٌ
Сен болгону бир эскертүүчүсүң
إِنَّا أَرْسَلْنَاكَ بِالْحَقِّ بَشِيرًا وَنَذِيرًا ۚ وَإِنْ مِنْ أُمَّةٍ إِلَّا خَلَا فِيهَا نَذِيرٌ
Чынында, Биз сени (бейиштен) сүйүнүчтүү кабар берүүчү, (тозоктон) эскертүүчү (пайгамбар) кылып Акыйкат менен жибердик. (Тарыхтагы) бардык эл-үммөттүн ичинде бир эскертүүчү (пайгамбар) өткөн
وَإِنْ يُكَذِّبُوكَ فَقَدْ كَذَّبَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ جَاءَتْهُمْ رُسُلُهُمْ بِالْبَيِّنَاتِ وَبِالزُّبُرِ وَبِالْكِتَابِ الْمُنِيرِ
Эгер сени (мушриктер) «жалганчы» дешкен болсо, алардан мурунку пайгамбарларды да (өз доорунун мушриктери) «жалганчы» дешкен. (Чынында,) пайгамбарлары аларга (Аллаһ Тааладан) анык далилдерди, (ыйык) баракчаларды жана Нурдуу Китеп алып келишкен эле
ثُمَّ أَخَذْتُ الَّذِينَ كَفَرُوا ۖ فَكَيْفَ كَانَ نَكِيرِ
Андан кийин Биз каапыр адамдарды (өлтүрүүчү азап) менен кармадык! (Биздин) четке кагуу(буз) кандай экен
أَلَمْ تَرَ أَنَّ اللَّهَ أَنْزَلَ مِنَ السَّمَاءِ مَاءً فَأَخْرَجْنَا بِهِ ثَمَرَاتٍ مُخْتَلِفًا أَلْوَانُهَا ۚ وَمِنَ الْجِبَالِ جُدَدٌ بِيضٌ وَحُمْرٌ مُخْتَلِفٌ أَلْوَانُهَا وَغَرَابِيبُ سُودٌ
Көрбөйсүңбү, Аллаһ асмандан суу түшүрдү. Анан Биз аны менен (түсү, даамы) ар түрдүү мөмөлөрдү чыгардык. Тоолордун да ак-ала, кызыл-ала жана чым каралар(ын чыгардык)?”

Choose other languages: