Quran Apps in many lanuages:

Surah Fatir Ayahs #30 Translated in Kyrgyz

ثُمَّ أَخَذْتُ الَّذِينَ كَفَرُوا ۖ فَكَيْفَ كَانَ نَكِيرِ
Андан кийин Биз каапыр адамдарды (өлтүрүүчү азап) менен кармадык! (Биздин) четке кагуу(буз) кандай экен
أَلَمْ تَرَ أَنَّ اللَّهَ أَنْزَلَ مِنَ السَّمَاءِ مَاءً فَأَخْرَجْنَا بِهِ ثَمَرَاتٍ مُخْتَلِفًا أَلْوَانُهَا ۚ وَمِنَ الْجِبَالِ جُدَدٌ بِيضٌ وَحُمْرٌ مُخْتَلِفٌ أَلْوَانُهَا وَغَرَابِيبُ سُودٌ
Көрбөйсүңбү, Аллаһ асмандан суу түшүрдү. Анан Биз аны менен (түсү, даамы) ар түрдүү мөмөлөрдү чыгардык. Тоолордун да ак-ала, кызыл-ала жана чым каралар(ын чыгардык)?”
وَمِنَ النَّاسِ وَالدَّوَابِّ وَالْأَنْعَامِ مُخْتَلِفٌ أَلْوَانُهُ كَذَٰلِكَ ۗ إِنَّمَا يَخْشَى اللَّهَ مِنْ عِبَادِهِ الْعُلَمَاءُ ۗ إِنَّ اللَّهَ عَزِيزٌ غَفُورٌ
Дагы, ошондой эле адамдардан, жаныбарлардан жана үй-чарба айбандарынан ар түрдүүлөрү бар. Аллаһтан аалым (илимдүү) адамдар (көбүрөөк) коркушат. Чынында, Аллаһ-Кудереттүү, Кечиримдүү
إِنَّ الَّذِينَ يَتْلُونَ كِتَابَ اللَّهِ وَأَقَامُوا الصَّلَاةَ وَأَنْفَقُوا مِمَّا رَزَقْنَاهُمْ سِرًّا وَعَلَانِيَةً يَرْجُونَ تِجَارَةً لَنْ تَبُورَ
Албетте, Аллаһтын Китебин тилават кылып, намазды толук окуп, Биз ырыскы кылып берген нерселерден көрүнөө жана көмүскө садака кылган адамдар эч зыян тартпай турган сооданы үмүт кылышат —
لِيُوَفِّيَهُمْ أُجُورَهُمْ وَيَزِيدَهُمْ مِنْ فَضْلِهِ ۚ إِنَّهُ غَفُورٌ شَكُورٌ
(Аллаһ аларга) сооп-сыйлыктарын толуктап, Өз пазилетинен кошумча соопторду бериши үчүн. Чынында, Ал Кечирүүчү, Шүгүр кылуучу

Choose other languages: