Quran Apps in many lanuages:

Surah Az-Zamar Ayahs #13 Translated in Kyrgyz

أَمَّنْ هُوَ قَانِتٌ آنَاءَ اللَّيْلِ سَاجِدًا وَقَائِمًا يَحْذَرُ الْآخِرَةَ وَيَرْجُو رَحْمَةَ رَبِّهِ ۗ قُلْ هَلْ يَسْتَوِي الَّذِينَ يَعْلَمُونَ وَالَّذِينَ لَا يَعْلَمُونَ ۗ إِنَّمَا يَتَذَكَّرُ أُولُو الْأَلْبَابِ
Же болбосо, (ушул мушрик), Раббисинин ырайымынан үмүткер болуп, Акыреттен коркуп түн ичинде (намазда) турган, сажда кылган абалдагы (Аллаһка) моюн сунуучу киши менен тең боло алабы? Айт: «Билимдүү адамдар менен билимсиз адамдар тең боло албайт. Чынында (Аллаһты жана Акыретти) акылдуу адамдар гана эскеришет
قُلْ يَا عِبَادِ الَّذِينَ آمَنُوا اتَّقُوا رَبَّكُمْ ۚ لِلَّذِينَ أَحْسَنُوا فِي هَٰذِهِ الدُّنْيَا حَسَنَةٌ ۗ وَأَرْضُ اللَّهِ وَاسِعَةٌ ۗ إِنَّمَا يُوَفَّى الصَّابِرُونَ أَجْرَهُمْ بِغَيْرِ حِسَابٍ
Менин ыймандуу пенделериме айткын: «Раббиңерден корккула! Ушул дүйнөдө жакшылык (амалдарын) жасагандар үчүн (Акыретте андан абзел) жакшылык бар. Жана Аллаһтын жери кенен.! Албетте, Ал сабырдуу момундарга сооп-сыйлыктарын эсепсиз толуктап берет
قُلْ إِنِّي أُمِرْتُ أَنْ أَعْبُدَ اللَّهَ مُخْلِصًا لَهُ الدِّينَ
Айт: «Мен дин-ибадатты Аллаһтын Өзүнө гана калыс кылууга буюрулдум
وَأُمِرْتُ لِأَنْ أَكُونَ أَوَّلَ الْمُسْلِمِينَ
Жана мусулмандардын алдыңкысы болууга буюрулдум»
قُلْ إِنِّي أَخَافُ إِنْ عَصَيْتُ رَبِّي عَذَابَ يَوْمٍ عَظِيمٍ
Айт: «Эгер мен Раббиме (ширк келтирүү менен) күнөө кылсам Улуу Күндүн азабынан коркомун!»

Choose other languages: