Quran Apps in many lanuages:

Surah At-Tawba Ayahs #94 Translated in Kyrgyz

وَجَاءَ الْمُعَذِّرُونَ مِنَ الْأَعْرَابِ لِيُؤْذَنَ لَهُمْ وَقَعَدَ الَّذِينَ كَذَبُوا اللَّهَ وَرَسُولَهُ ۚ سَيُصِيبُ الَّذِينَ كَفَرُوا مِنْهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ
Жана (о, Мухаммад, сенин алдыңа) өздөрүнө (согуштан калууга) уруксат сурап (арзыбаган) шылтоосу бар көчмөн арабтар дагы келди. Ал эми, (“Биз деле момунбуз” деп) Аллаһ жана Анын пайгамбарына жалган сүйлөгөндөр (уруксат сурабай эле) кала беришти. Жакында алардан каапыр болгондоруна жан ооруткан азап жетет
لَيْسَ عَلَى الضُّعَفَاءِ وَلَا عَلَى الْمَرْضَىٰ وَلَا عَلَى الَّذِينَ لَا يَجِدُونَ مَا يُنْفِقُونَ حَرَجٌ إِذَا نَصَحُوا لِلَّهِ وَرَسُولِهِ ۚ مَا عَلَى الْمُحْسِنِينَ مِنْ سَبِيلٍ ۚ وَاللَّهُ غَفُورٌ رَحِيمٌ
Ал эми, (денесинде бир кемчилдиги болгон) алсыз адамдарга, оорулууларга, жихадга керек нерселерди таба албай калгандарга — эгер Аллаһ жана пайгамбарына (калыс-таза болууга жана мүмкүнчүлүк тапса эле жихадга чыгууга) ниет кылышса — (согушка чыкпаганы үчүн) күнөө жок. Жакшылык кылуучуларды айыптоого жол жок. Аллаһ -Кечиримдүү, Ырайымдуу
وَلَا عَلَى الَّذِينَ إِذَا مَا أَتَوْكَ لِتَحْمِلَهُمْ قُلْتَ لَا أَجِدُ مَا أَحْمِلُكُمْ عَلَيْهِ تَوَلَّوْا وَأَعْيُنُهُمْ تَفِيضُ مِنَ الدَّمْعِ حَزَنًا أَلَّا يَجِدُوا مَا يُنْفِقُونَ
Жана, өздөрүнө (согуш үчүн) улоо таап берүүңдү сурап сага келишкенде, сен аларга: “Силерге мингизгидей улоо менде жок” дегениңде, (жихадка) пайдалана турган эч нерсе таппай калганына өксүп, көз жашын көлдөтүп кайтып кеткен адамдарга да күнөө болбойт
إِنَّمَا السَّبِيلُ عَلَى الَّذِينَ يَسْتَأْذِنُونَكَ وَهُمْ أَغْنِيَاءُ ۚ رَضُوا بِأَنْ يَكُونُوا مَعَ الْخَوَالِفِ وَطَبَعَ اللَّهُ عَلَىٰ قُلُوبِهِمْ فَهُمْ لَا يَعْلَمُونَ
Ал эми, бай (жана ден-соолугу таза) болсо да, сенден уруксат сураган жана аялдар, жаш балдар менен калууга ыраазы болгон адамдарды айыптоого жол бар. Аллаһ алардын жүрөктөрүн мөөрлөп койду! Эми алар (өздөрүнүн пайда-зыяндарын) биле алышпайт
يَعْتَذِرُونَ إِلَيْكُمْ إِذَا رَجَعْتُمْ إِلَيْهِمْ ۚ قُلْ لَا تَعْتَذِرُوا لَنْ نُؤْمِنَ لَكُمْ قَدْ نَبَّأَنَا اللَّهُ مِنْ أَخْبَارِكُمْ ۚ وَسَيَرَى اللَّهُ عَمَلَكُمْ وَرَسُولُهُ ثُمَّ تُرَدُّونَ إِلَىٰ عَالِمِ الْغَيْبِ وَالشَّهَادَةِ فَيُنَبِّئُكُمْ بِمَا كُنْتُمْ تَعْمَلُونَ
Силер (согуштан) кайтканыңарда, алар (бай болсо да барбай койгондор) сенден кечирим сурашат. Айткын: “Кечирим сурабай эле койгула! Силерге эч качан ишенбейбиз! Аллаһ силердин (бизден жашырган) кабарыңарды бизге билдирген. Аллаһ жана пайгамбары ишиңерди көрүп турат. Кийин (Кыяматта) көрүнөөнү да, көмүскөнү да Билүүчүгө кайтарыласыңар. Ал силерге (бардык) кылган ишиңердин кабарын берет

Choose other languages: