Quran Apps in many lanuages:

Surah At-Tawba Ayahs #75 Translated in Kyrgyz

وَالْمُؤْمِنُونَ وَالْمُؤْمِنَاتُ بَعْضُهُمْ أَوْلِيَاءُ بَعْضٍ ۚ يَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَيَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنْكَرِ وَيُقِيمُونَ الصَّلَاةَ وَيُؤْتُونَ الزَّكَاةَ وَيُطِيعُونَ اللَّهَ وَرَسُولَهُ ۚ أُولَٰئِكَ سَيَرْحَمُهُمُ اللَّهُ ۗ إِنَّ اللَّهَ عَزِيزٌ حَكِيمٌ
Момун эркектер менен момун аялдар (достукта, жардамдашууда) өз ара ынак адамдар. (Анткени, бардыгы) жакшылыктарга буюруп, жамандыктардан кайтарышат. Намаз окуп, зекет беришет жана Аллаһ менен пайгамбарына (ар дайым) моюн сунушат. Жакында Аллаһ аларга Өзүнүн ырайымын жаадырат. Аллаһ - Кудуреттүү, Даанышман
وَعَدَ اللَّهُ الْمُؤْمِنِينَ وَالْمُؤْمِنَاتِ جَنَّاتٍ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ خَالِدِينَ فِيهَا وَمَسَاكِنَ طَيِّبَةً فِي جَنَّاتِ عَدْنٍ ۚ وَرِضْوَانٌ مِنَ اللَّهِ أَكْبَرُ ۚ ذَٰلِكَ هُوَ الْفَوْزُ الْعَظِيمُ
Аллаһ ыймандуу эркектерге жана ыймандуу аялдарга, түбөлүк кала турган, астынан дарыялар агып турган Бейиштерди, ошол «Адн» (деп аталган) Бейиштердеги таза-пакиза орундарды убада кылды. Жана Аллаһтын ыраазычылыгы бардыгынан улук! Бул — улуу жеңиш
يَا أَيُّهَا النَّبِيُّ جَاهِدِ الْكُفَّارَ وَالْمُنَافِقِينَ وَاغْلُظْ عَلَيْهِمْ ۚ وَمَأْوَاهُمْ جَهَنَّمُ ۖ وَبِئْسَ الْمَصِيرُ
О, Пайгамбар! Каапырлар менен мунаафыктарга каршы жихад кыл жана аларга өктөм бол! Алардын жайы -— тозок! Ал кандай жаман орун
يَحْلِفُونَ بِاللَّهِ مَا قَالُوا وَلَقَدْ قَالُوا كَلِمَةَ الْكُفْرِ وَكَفَرُوا بَعْدَ إِسْلَامِهِمْ وَهَمُّوا بِمَا لَمْ يَنَالُوا ۚ وَمَا نَقَمُوا إِلَّا أَنْ أَغْنَاهُمُ اللَّهُ وَرَسُولُهُ مِنْ فَضْلِهِ ۚ فَإِنْ يَتُوبُوا يَكُ خَيْرًا لَهُمْ ۖ وَإِنْ يَتَوَلَّوْا يُعَذِّبْهُمُ اللَّهُ عَذَابًا أَلِيمًا فِي الدُّنْيَا وَالْآخِرَةِ ۚ وَمَا لَهُمْ فِي الْأَرْضِ مِنْ وَلِيٍّ وَلَا نَصِيرٍ
Алар айткан сөзүн “айтпадык” деп ант ичишет. Чынында алар (оболу) каапырлык сөзүн айтып, мусулман болгондорунан кийин (кайра) каапыр болушту. Жана жетпеген максатка (Пайгамбарга зыян берүүгө) умтулушту. Аларды Аллаһ жана пайгамбары Өз пазилети менен бай-беймуктаж кылгандан кийин гана (пайгамбарды) жек көрө башташты. Эгер тооба кылышса, өздөрүнө жакшы. А, эгер далысын салса, Аллаһ аларды дүйнө -Акыретте жан ооруткан азап менен азаптайт жана аларга жер бетинде эч бир дос, эч бир жардамчы болбойт
وَمِنْهُمْ مَنْ عَاهَدَ اللَّهَ لَئِنْ آتَانَا مِنْ فَضْلِهِ لَنَصَّدَّقَنَّ وَلَنَكُونَنَّ مِنَ الصَّالِحِينَ
Алардан кээ бирөөлөрү Аллаһка ант-убада берип: “Эгер бизге да Өз пазилетинен берсе (бай кылса), кайыр-садакалар берип, жакшы адамдардан болмокпуз” (дешет)

Choose other languages: