Quran Apps in many lanuages:

Surah At-Talaq Ayahs #10 Translated in Kyrgyz

أَسْكِنُوهُنَّ مِنْ حَيْثُ سَكَنْتُمْ مِنْ وُجْدِكُمْ وَلَا تُضَارُّوهُنَّ لِتُضَيِّقُوا عَلَيْهِنَّ ۚ وَإِنْ كُنَّ أُولَاتِ حَمْلٍ فَأَنْفِقُوا عَلَيْهِنَّ حَتَّىٰ يَضَعْنَ حَمْلَهُنَّ ۚ فَإِنْ أَرْضَعْنَ لَكُمْ فَآتُوهُنَّ أُجُورَهُنَّ ۖ وَأْتَمِرُوا بَيْنَكُمْ بِمَعْرُوفٍ ۖ وَإِنْ تَعَاسَرْتُمْ فَسَتُرْضِعُ لَهُ أُخْرَىٰ
Аларга! мүмкүн болушунча өзүңөр жашаган үйлөрдөн орун бергиле. Аларга кысым көргөзүү менен зыян жеткирбегиле. Эгер алардын боюна бүткөн болсо, боюндагысын төрөгөнгө чейин (бардык муктаждыгын) камсыздагыла. Эгерде силер үчүн (балаңарды) эмизип берсе, акысын төлөп бергиле! жана (сүт акысынын баасын) өз ара, жакшылык менен келишип алгыла. Эгер (келише албай) кыйналсаңар, ал (күйөө) үчүн (баласын) башка аял эмизип берет
لِيُنْفِقْ ذُو سَعَةٍ مِنْ سَعَتِهِ ۖ وَمَنْ قُدِرَ عَلَيْهِ رِزْقُهُ فَلْيُنْفِقْ مِمَّا آتَاهُ اللَّهُ ۚ لَا يُكَلِّفُ اللَّهُ نَفْسًا إِلَّا مَا آتَاهَا ۚ سَيَجْعَلُ اللَّهُ بَعْدَ عُسْرٍ يُسْرًا
Байадам байлыгынан (кеңири) камкордук кылсын. Кимдин ырыскысы ченелген болсо, Аллаһ берген нерселерден (колунан келишинче) камкордук кылсын. Аллаһ эч кимди Өзү бергенден ашыкчасына мажбурлабайт. Аллаһ тез арада кыйынчылыктын артынан жеңилдик берет
وَكَأَيِّنْ مِنْ قَرْيَةٍ عَتَتْ عَنْ أَمْرِ رَبِّهَا وَرُسُلِهِ فَحَاسَبْنَاهَا حِسَابًا شَدِيدًا وَعَذَّبْنَاهَا عَذَابًا نُكْرًا
(Мурунку заманда) нечендеген айыл-шаар (элдери) Раббисинин жана Анын пайгамбарларынын буйругунан баш тартышты. Анан Биз алар менен катуу эсептешип, жагымсыз азаптарга салдык
فَذَاقَتْ وَبَالَ أَمْرِهَا وَكَانَ عَاقِبَةُ أَمْرِهَا خُسْرًا
Алар кылмыштарынын жазасын татышты. Кылмыштарынын акыбети зыян тартуу (өлүм) болду
أَعَدَّ اللَّهُ لَهُمْ عَذَابًا شَدِيدًا ۖ فَاتَّقُوا اللَّهَ يَا أُولِي الْأَلْبَابِ الَّذِينَ آمَنُوا ۚ قَدْ أَنْزَلَ اللَّهُ إِلَيْكُمْ ذِكْرًا
Аллаһ (Акыретте дагы) аларга катуу азапты даярдап койгон. Эми, Аллаһтан корккула, оо, ыйман келтирген акылдуулар! Аллаһ силерге (Туура Жолго багыттоочу) эскермени жиберди

Choose other languages: