Quran Apps in many lanuages:

Surah At-Talaq Ayahs #12 Translated in Kyrgyz

أَعَدَّ اللَّهُ لَهُمْ عَذَابًا شَدِيدًا ۖ فَاتَّقُوا اللَّهَ يَا أُولِي الْأَلْبَابِ الَّذِينَ آمَنُوا ۚ قَدْ أَنْزَلَ اللَّهُ إِلَيْكُمْ ذِكْرًا
Аллаһ (Акыретте дагы) аларга катуу азапты даярдап койгон. Эми, Аллаһтан корккула, оо, ыйман келтирген акылдуулар! Аллаһ силерге (Туура Жолго багыттоочу) эскермени жиберди
رَسُولًا يَتْلُو عَلَيْكُمْ آيَاتِ اللَّهِ مُبَيِّنَاتٍ لِيُخْرِجَ الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ مِنَ الظُّلُمَاتِ إِلَى النُّورِ ۚ وَمَنْ يُؤْمِنْ بِاللَّهِ وَيَعْمَلْ صَالِحًا يُدْخِلْهُ جَنَّاتٍ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ خَالِدِينَ فِيهَا أَبَدًا ۖ قَدْ أَحْسَنَ اللَّهُ لَهُ رِزْقًا
(Ал эскерме — Аллаһтын) элчиси. Ал силерге Аллаһтын анык аяттарын окуп берет, ыйман келтирип, жакшы амал кылгандарды караңгылыктардан Нурга чыгаруу үчүн. Ким Аллаһка ыйман келтирип, жакшы амал кылган болсо, аны түбүнөн дарыялар аккан жана анда түбөлүк калуучу бейиштерге киргизет. Аллаһ ага эң сонун ырыскыны (Бейишти) берди
اللَّهُ الَّذِي خَلَقَ سَبْعَ سَمَاوَاتٍ وَمِنَ الْأَرْضِ مِثْلَهُنَّ يَتَنَزَّلُ الْأَمْرُ بَيْنَهُنَّ لِتَعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ وَأَنَّ اللَّهَ قَدْ أَحَاطَ بِكُلِّ شَيْءٍ عِلْمًا
Аллаһ жети кабат асмандарды жана жерден да ошончосун жаратты. Алардын (асман-жердин) арасына (Анын) буйруктар(ы), Аллаһ ар нерсеге кудуреттүү экенин жана Аллаһ ар нерсени илими менен камтып алганын билишиңер үчүн түшүп турат

Choose other languages: